Менин колуман тарбия алган балдардын так санын билбейм, 80-90го жетет болуш керек, бирок учурда деле окутуп келем. Бул тууралуу Бакыт Зарлыков Sputnik Кыргызстан радиосунун КТРКнын 60 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, операторлор түшүргөн кадрларды карап отуруп, өзүнүн шакирттерин адашпастан аныктап алган учурлары болот.
"Иш тажрыйбамда канча баланы окутуп, операторлук кесипке үйрөткөнүмдү так билбейм. Өзүм КТРКдан сырткары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде операторлук чеберчилик боюнча дагы сабак берем. Бүтүрүүчүлөрүмдүн айрымдары Синьхуа, Рейтер сыяктуу ири медиаларда иштейт. Андан сырткары, Түркия, Россияда дагы көп шакирттерим бар. КТРКда болсо жаш операторлордун басымдуу бөлүгү менин тарбияман өткөн балдар. Кыргыз телесинде эмгектенип жатканыма 35 жылдын жүзү болду. Жашоомду телевидениесиз элестете албай калдым десем жаңылышпайм", — деди Зарлыков.
Ошондой эле ал учурда операторлор үчүн көптөгөн техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экендигин кошумчалады.
Жамааттык коопсуздук келишим биримдиги ага мүчө болгон өлкөлөрдү сырткы коркунучтардан сактоо максатында 1992-жылдын 15-майында түзүлгөн. Ошол кездеги курамына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирген. Бир жылдан соң Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мүчөлүкө кабыл алынган. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган уюм учурда бир гана террорчулук менен күрөшүүдө эмес, мыйзамсыз миграция, баңгизатын ооздуктоо жана IT багытындагы кылмыштуулуктарга каршы турууда да жетишкендиктерди көрсөтүп келет.
"ЖККУга кирген мамлекеттер 2002-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн күчөттү десек болот. Ушул убакыттан тарта ыкчам аскердик күчтөрдү тартууга басым жасалган. Бул максатта Кыргызстандан да бир батальон кошулган. Албетте, биримдиктеги аскер күчтөрүнүн 80 пайыздан ашыгын Россиянын күчтөрү камсыздайт. Ошентсе да бардык мүчө-мамлекеттер ар кандай сырткы коркунучтарга бирдиктүү күрөшүүгө даяр болгон чоң, өз тарыхы, орду бар уюм десек болот. Алгач биримдик террорчулук, экстремизмге каршы туруу үчүн гана түзүлсө, азыркы учурда интернет технологияларынын жардамы менен келтирилүүчү коркунучтарга, баңгизаты менен күрөшүүдө жана мыйзамсыз миграцияны ооздуктоодо чоң-чоң иштерди жасоодо", — деди Медетбеков.
Ал ЖККУнун чыгымдарынын 50 пайызын Россия каржылай турганын, калган 50 пайызын башка мүчө-өлкөлөргө бөлөрүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, учурда биримдикке алты өлкө мүчө.
Паралимпиадага парапауэрлифтинг жана пара жеңил атлетика боюнча жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мындай пикирин Абдуалим Нишанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн.
"Алдын ала так айтуу кыйын. Бирок спорттун эки түрү боюнча эки федерациянын даярдыгы жакшы. Пара пауэрлифтинг боюнча Жыргалбек Орозбаев, Максат Аргымбаев лицензия алуу үчүн машыгып, мыкты даярдыктан өтүшүүдө. Ал эми паратриатлон боюнча Жалалдин Абдувалиев аракет көрүүдө. Алар Азия чемпионатында, Азия оюндарында жана эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп келишет. Спортчулар менен сүйлөштүк, үмүтүбүз чоң. Жеңип келгенден кийин элдин, мамлекеттин колдоосу кандай болорун алар жакшы түшүнүшөт. Андыктан алдыга коюлган максатына жетүү үчүн болгон күчүн жумшашат. Мындан тышкары, бизде параспорт жаңы өнүгүп келе жаткандыгына байланыштуу спортчуларды колдоо максатында лицензия берилиши мүмкүн", — деди Нишанов.
Ошондой эле жетекчи өлкөдө параспорт боюнча маалыматтын жеткиликтүү болбогондугу тармактын өнүкпөй туура эмес түшүнүктөрдүн пайда болушун шарттап жаткандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченкону грэпплинг (күрөш) жагынан алсыз деп атады. Бул тууралуу ал Globo Esporte телеканалына берген маегинде айтты.
Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилль шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.
"Шевченко грэпплинг жагынан алсыз деп ойлойм. Мен атаандашымды тордо кармаганда өзүмдүн канчалык күчтүү экенимди жана өз мүмкүнчүлүгүмө канчалык ишенимдүү экенимди дайыма айтып келем", — деген ал.
Эң жеңил салмактын экс-чемпиону беттеш учурунда Шевченконун "алсыз жагын пайдалана турганын" белгилеген.
Анын айтымында, Шевченконун ыкчам соккулары, өзгөчө бутка тепкени кооптуу болуп саналат.
Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.