Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрбекова: Улуттук археологиялык мектеп түзүү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова археологиялык адистерди даярдоону мамлекеттик заказ аркылуу кыска убакытта чечсе болорун айтты.
Өмүрбекова: Улуттук археологиялык мектеп түзүү зарыл

ЖОЖдордо тарых факультеттери археологиялык адистигин даярдашы керек эле. Мугалимдер жетишсиз болсо, мамлекеттик заказ аркылуу кыска убакытта бул көйгөйдү чечсе болот. Мындай пикирин Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан тарыхый табылгаларга бай өлкө болгондуктан, Улуттук археологиялык мектептин болуусу шарт.

"ЖОЖдордун дээрлик бардыгында тарых факультеттери бар. Алар археологияны атайын адистик катары карап окутуулары керек болчу. Бул биздин өлкөгө өтө керектүү кесип. Мугалимдердин жетишсиздигин чечүү үчүн студенттерди чет өлкөлөргө мамлекеттик заказ аркылуу жиберсек болот. Мындан сырткары, өлкөнүн окуу жайларында деле аз да болсо окутуучулар бар. Алардын жардамы менен жаш адистерди даярдоого басым жасаш керек. Айтор, Кыргызстандын өзүнүн күчтүү археологиялык мектеби болушу шарт", — деди Өмүрбекова.

Өкмөт өкүлү бул маселенин чечилишин өз көзөмөлүнө аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0