Кыргызстан информатиктер ассоциациясы коомдук бирикмесинин төрагасы, профессор Уланбек Мамбетакунов

Мамбетакунов: кыргыз IT адистери өнүгүүнүн жолунда

247
(жаңыланган 15:52 23.11.2018)
"Кыргызстан информатиктер ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасы, профессор Уланбек Мамбетакунов IT учурдун эң кирешелүү жана суроо-талапка ээ адистиги экендигин айтты.
Мамбетакунов: кыргыз IT адистери өнүгүүнүн жолунда

Он жыл мурун аталган адистикке ээ болгон улан-кыздар иштин жоктугунан улам кесибин алмаштырган учурлар көп болгон. Бул тууралуу Уланбек Мамбетакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жогорку технологиялар заманында аталган тармак бир орунда турбай, күн сайын жаңыланууну талап кылат.

"Биздин адистер Америка, Жаңы Зеландия, Руанда, Европанын айрым компаниялары үчүн Кыргызстанда отуруп эле компьютердик программаларды түзүп, өзүлөрүн мыкты адис катары көрсөтүп келе жатышат. Он жыл мурун абал башкача эле. Ошол кездеги статистикага таянсак, бир жылда ЖОЖдо IT, информатика адистигин эки миңге жакын бүтүрүүчү аяктаса, анын 40ы гана иш менен камсыз болчу. Азыр жагдай түп-тамырынан бери өзгөрдү", — деди Мамбетакунов.

Ошондой эле ал республикадагы информатика мугалимдеринин биргелешип иш алып баруусуна көмөктөшүү максатында "Кыргызстан информатиктер ассоциациясы" түзүлгөндүгүн кошумчалады.

247
Белгилер:
адистик, ассоциация, информатика, компьютер, Уланбек Мамбетакунов
Тема боюнча
Ютубер Жолдошев: кызматкериме 140 миң сом айлык төлөгөнгө даярмын
Бишкек троллейбус башкармалыгы ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров

Капаров: бир троллейбусту толук ремонттон өткөрүүгө 150 миң сомдой керек

39
(жаңыланган 12:18 18.01.2021)
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров мекемеде эскилиги жеткен 27 троллейбус бар экенин айтты.
Капаров: бир троллейбусту толук ремонттон өткөрүүгө 150 миң сомдой керек

2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.

"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.

Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.

39
Белгилер:
маршрутка, троллейбус, транспорт
Тема боюнча
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев

Мусаев: учурунда Айша Карасаевага Аалы Токомбаев дагы ашык болгон

86
(жаңыланган 12:28 18.01.2021)
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев окумуштуу Кусеин Карасаевдин жанында жүрүп, кеп-кеңештерин көп жолу алганын айтты.
Мусаев: учурунда Айша Карасаевага Аалы Токомбаев дагы ашык болгон

Айша Карасаевага өз кезегинде айтылуу жазуучу Аалы Токомбаев дагы ашык болгон, бирок нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган. Бул тууралуу Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Карасаев жашоодон көп запкы тартып калгандыктан сөзгө, кепке абдан сак эле.

"Кусеин Карасаев менен ата-баладай болуп жүрүп, ал кишинин үйүндө көп жолу конокто болдум. Сөздүн гүлүн терип, макалдатып сүйлөгөн чечен киши болчу. Башкалардан дагы ушуну талап кылчу. Ал киши менен баарлашып отурганда жан дүйнөңдө сергүү, тазаруу пайда болор эле. Конокко барганда жубайы Айша апа дароо дасторконун жая салчу. Айша Карасаева кыргыздын мыкты кыздарынын бири эле. Алгачкы "Чүмбөттүү араба" деген тасмага тартылган актриса. Экөөнүн курагында айырмачылык 10 жаш болчу. Аны белгилүү жазуучубуз Аалы Токомбаев дагы жакшы көргөн экен. Экөө Айша апаны талашып, нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган", — деди Мусаев.

Профессор жубайлар үч кызга таалим-тарбия берип өстүргөнүн кошумчалады.

86
Белгилер:
жубайлар, Окумуштуулар
Тема боюнча
Жолдошунун алмаштыргыс редактору болгон. Айша Карасаева жөнүндө 6 факты
Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы Бишкекте белгиленди

Бишкек: Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы белгиленди. Сүрөт

0
(жаңыланган 20:54 18.01.2021)
Иш-чаранын катышуучулары Ленинград курчоосунда калгандардын урматына орнотулган эстеликке гүл коюшту. Быйыл аталган тарыхый окуянын 78 жылдыгы белгиленип жатат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы паркта Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

  • Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы паркта Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты
    Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы паркта Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты
    © Фото / представительство Россотрудничества в КР
  • Эскерүүнү Кыргызстандагы Ленинград курчоосунун катышуучуларынын коому, Октябрь райондук акимчилиги, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Россотрудничество уюштурду
    Эскерүүнү Кыргызстандагы Ленинград курчоосунун катышуучуларынын коому, Октябрь райондук акимчилиги, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Россотрудничество уюштурду
    © Фото / представительство Россотрудничества в КР
  • Катышуучулар блокадачылардын монументине гүл коюшту
    Катышуучулар блокадачылардын монументине гүл коюшту
    © Фото / представительство Россотрудничества в КР
1 / 3
© Фото / представительство Россотрудничества в КР
Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы паркта Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 78 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты

Эскерүүнү Кыргызстандагы Ленинград курчоосунун катышуучуларынын коому, Октябрь райондук акимчилиги, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Россотрудничество уюштурду.

Катышуучулар блокадачылардын монументине гүл коюшту.

Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов Россия менен Кыргызстанды эзелтеден берки жакындык, достук мамилелер байланыштырып келе жаткандыгын айтты.

© Фото / представительство Россотрудничества в КР
Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов Россия менен Кыргызстанды эзелтеден берки жакындык, достук мамилелер байланыштырып келе жаткандыгын айтты
"Кыргыз ССРинин жашоочулары фашизмди жеңүүгө абдан зор салымын кошкон. Бүгүн кайрадан жалпы душманга – коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн биригүү зарылдыгы пайда болду. Россия Кыргызстанга медициналык каражаттар, медициналык жабдуулар жана дарыгерлерди жөнөтүп, жардам берүүдө", — деген ал.

Монументке гүл коюлгандан кийин концерт болду.

Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. 4 500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон. Блокадада калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң баланын эвакуациялангандыгы айтылып келет.

Блокада туура 872 күнгө, тагыраагы, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1943-жылдын 27-январына чейин созулган. Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болду. Ар кыл маалыматтар боюнча, андагы курмандыктардын саны 400 миңден 16,5 кишиге чейин деп айтылып келет.

1944-жылдын январында блокада алынгандан кийин да немец жана фин аскерлеринин курчоосу уланган. 1944-жылдын августундагы операциядан кийин гана фашисттер шаардан алыс сүрүп салынган.

Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу инсан багып-өстүргөн.

0
Белгилер:
фашизм, курчоо, Ленинград, Улуу Ата Мекендик согуш, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Путин КМШ өлкөлөрү Улуу Жеңиш жөнүндөгү чындыкты коргогону үчүн ыраазы болду
Мен аларды өз балдарымдай жакшы көргөм — Токтогон апа Ленинграддан келген балдар тууралуу