Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аднаева: дары-дармектердин бирдиктүү базасы түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Нургүл Аднаева
Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Нургүл Аднаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Нургүл Аднаева өлкөгө кирип жаткан дары-дармектердин бирдиктүү базасы түзүлөрүн айтты.
Аднаева: дары-дармектердин бирдиктүү базасы түзүлөт

Чек арадан өткөн ар бир дары бейтаптын колуна тийгенге чейин көзөмөлдөнүшү керек. Бул тууралуу Нургүл Аднаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө дары саясаты тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат.

"Чет өлкөлөрдөн келип жаткан дары-дармектер бажыдан өткөндөн баштап Салык кызматы, Саламаттык сактоо, Экономика министрликтери жана бир катар мамлекеттик органдардын текшерүүсүнөн өтөт. Алардын тутумун бириктирип, электрондук база түзүлүп жатат. Базага кутучадагы номерди киргизүү менен дарынын өлкөдөгү басып өткөн жолун аныктап алса болот. Бул көрүнүш тартипке алып келип, аткезчилик жол менен келип жаткан дары-дармектердин агымын токтотот", — деди Аднаева.

Ошондой эле Аднаева аталган бирдиктүү база 2020-жылдары алгачкы кадамын таштай турганын кошучалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0