Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Солтобаев: музейге экспонатты болгарка менен кесип киргизишиптир

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев
Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев республика боюнча 58 мамлекеттик музей бар экендигин айтты.
Солтобаев: музейге экспонатты болгарка менен кесип киргизишиптир

Тарыхый, маданий мурастарды сактоо, изилдөө, коргоо жана адистерди даярдоодо мамлекеттик стратегиялык программа абадай керек болуп турат. Бул тууралуу Орозбек Солтобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, билим берүү системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен тарыхчы-музей таануучу, тарыхчы-археолог адистиги боюнча кадрларды даярдоо зарыл.

"Археолог, музеолог адистерин даярдоого көңүл бурулбай жатат. Өлкөдө 58 мамлекеттик музей бар. Ал жерде ким иштеп жаткандыгы белгисиз. Бир эле мисал айтайын, өткөндө Кочкордон бирөө келип айтып жатат. Экспонатты музейге киргизели десе каалгасынан батпай койгон экен, анан болгарка менен кесип киргизишиптир. Мына тарыхый, маданий мурастарыбызга болгон мамиле. Бул жерде чыныгы адис эмгектенбегендигинин жыйынтыгы. Бизге тарыхый, маданий мурастарды сактоо, изилдөө, коргоо боюнча мамлекеттик стратегиялык программа керек", — деди Орозбек Солтобаев.

Андан сырткары, ал мындай программаны иштеп чыгуу боюнча 2002-жылдары жогорку деңгээлде сөз болгондугун айтып, бирок азыркыга чейин иш жүзүнө ашпай келгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0