Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: энергиясын кайда жумшарын билбей жаткандарды куттукташ керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваКандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова улуу же орто муундун өкүлдөрүнө кесиби жакпай жаткан болсо, туура эмес багытты тандап алганын түшүнүшү керектигин айтты.
Бообекова: энергиясын кайда жумшарын билбей жаткандарды куттукташ керек

Мындай учурда адам жумушунан чарчаганын үй-бүлөсүнөн чыгарып алышы мүмкүн. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тескерисинче, энергиясын кайда жумшоону билбей, бир эле кесиптен эмес, бир канча тармактан ийгилик жаратууга аракет жасагандарды куттукташ керек. Анткени алар башкаларга үлгү.

"Адам энергиясын кайда жумшарын билбей жатканы абдан жакшы көрүнүш. Күн сайын кесип тандап, ар кайсы кесиптин ээси болууну кыялдануу учуру өспүрүм курактан ЖОЖго окуганга чейин болсо нормалдуу нерсе. Ал эми улуу муундун өкүлдөрү кесиби жакпай жатса, алмаштырып салганы туура болот. Жумуштан чарчаганын үй-бүлө мүчөлөрүнөн чыгарып, аларга да ыңгайсыздык жаратат. Ошол эле учурда бир канча кесипти алып кетүүгө аракет жасагандар да бар. Аларды куттукташ керек. Анткени энергияны туура жумшаганды билип, өзгөлөргө өрнөк болууда. Ишке барып келип, болгону жумушу менен алек болбостон, өзү кызыккан курстарга болобу, иш-чараларга болобу, айтор убактысын пайдалуу ишке коротуу өтө маанилүү", — деди психолог.

Ал адамдын акылы жөн гана тынчтыкты кааласа, ал эми түпкү аң-сезими "кыймылда" деп айтып турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0