Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чалапинов: маданият тармагында чыныгы фанаттар гана иштеп келет

© Sputnik / Асель АкматалиеваМуратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучусу, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмер Жетиген Чалапинов
Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучусу, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмер Жетиген Чалапинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучусу, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмер Жетиген Чалапинов маданият кызматкерлеринин социалдык абалы начар экенин айтты.
Чалапинов: маданият тармагында чыныгы фанаттар гана иштеп келет

Маданият тармагында чыныгы фанаттар гана иштеп келет. Бул тууралуу Жетиген Чалапинов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айлыгы аз жумушта өз кесибин сүйгөн гана кызматкерлер иштейт.

"Чынын айтканда, маданият кызматкерлеринин социалдык абалы начар. Анткени айлык маянасы аз. Ошондуктан жаштар кесиби боюнча эмес, башка жумуштарды жасап жүрөт. Чет жакка иштеп кеткен адистер да жок эмес. Маданият тармагында чыныгы өз кесибин сүйгөндөр гана иштеп келет. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында маянабыз жогорулап, маанайыбыз көтөрүлүп калды. Мындай көрүнүш жаштарга да дем-күч берип, чет өлкөгө кеткендердин саны азайышы мүмкүн", — деди эмгек сиңирген ишмер.

Чалапинов маданият өкүлдөрү өзгөлөргө өрнөк болушу шарт экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0