Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ормон уулу: Бишкекте 500 тойкана, 50дөй китепкана бар

© Sputnik / Асель АкматалиеваСотрудник фонда "Кереге", аналитик Искендер Ормон уулу
Сотрудник фонда Кереге, аналитик Искендер Ормон уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кереге" коомдук фондусунун жетекчиси Искендер Ормон уулу өлкөдө 800 тойкана болсо, анын 500ү борбор калаада экендигин билдирди.
Ормон уулу: Бишкекте 500 тойкана, 50дөй китепкана бар

Тойканаларда 6-7 ай бою адам үзүлбөйт. Анда өткөрүлгөн той-аштар айрым учурда моралдык-этикалык, экономикалык нормадан аша чаап кетет. Бул тууралуу Искендер Ормон уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар кандай мааракелердеги иш-чаралардын убактысын чектөө, өткөрүү тартибин элдин шарты, капчыгына ылайык түзүү мезгили келип жетти.

"Республика боюнча 800 тойкана бар, алардын 500ү Бишкекте. Булар тойкана деп аталгандары гана. Жылдын 7-8 айында бул салтанат үйлөрүндө адам үзүлбөйт. Иш-чаранын мазмуну дагы суроолорду жаратат. Той учурундагы оюндарда улан-кыздарда улуу муундан тартынуу, айбыгуу, ыймандуу, адептүү болуу керек деген түшүнүктөр жоголуп баратат. Ошол эле маалда борбордо активдүү иштеген 5-6 гана китепкана бар. Шаан-шөкөттө беш, алты сааттап жүрсөк, китепканада эки саат отурган адамды таба албайбыз. Өлүм-житимдерде дагы ошол эле көрүнүш. Өлгөндүн зыйнаты калып эле ашкере чыгым коротуу менен алекпиз. Мисалы, башка улуттагы мекендештерибиз мындай коромжулукка барбайт. Биз салт деп эле адаттан тыш нерселерди жасаганды токтотуп, пайдалуу, ыңгайлуу болсо башкалардын да жасап жатканын улуттук тажрыйбабызга киргизишибиз керек", — деди Ормон уулу.

Ошондой эле той өткөрүүдөгү ашыкча чыгым коротуу менен күрөшүүдө дин аалымдарынын коомдогу орчундуу ордун белгилеп, калк арасында туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө, натыйжа болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0