Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева

Абдылдаева: сабакка барбай жүргөн 1500 баланы окууга тарттык

169
(жаңыланган 13:34 28.11.2018)
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева август айынын маалыматы боюнча жаңы окуу жылына 2177 бала ар кандай себептерден улам барбаганын маалымдады.

Билим алуудан баш тарткан балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айрым өспүрүмдөрдүн мектепке барбагандыгынын жүйөлүү себептери дагы бар болуп чыкты. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, белгисиз себептерден улам мектепке барбай жүргөн балдардын чөйрөсү өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жаралышына өбөлгө түзүүдө.

"Жыл сайын январь, май, август айларында мектеп жашындагы балдарды каттоого алабыз. Август айынын жыйынтыгы боюнча 2177 мектеп жашындагы бала окууга барбай жүргөндүгү аныкталган. Анын ичинен 1500 өспүрүм милдеттүү түрдө билим алууга тартылды. Алар окубай иштеп жүргөн же медресе, диний уюмдарда убактысын өткөргөн балдар экен. Калгандары жүйөлүү себептерден улам барбай жүргөн. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга үйдөн билим алууга шарт түзүлдү", — деди Абдылдаева.

Андан сырткары, ал балдардын билим ала албай калган абалына өлкөдөгү ички жана тышкы миграция дагы чоң таасир берип жаткандыгын кошумчалады.

169
Белгилер:
окуу, өспүрүм, билим, мектеп, Гүлшан Абдылдаева
Тема боюнча
Ошто түн ичинде мушташкан 31 окуучу кармалды, биринин денеси тилинген