Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ташиева: бойдон алдыруунун коопсуз түрү да бар

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-акушер, гинеколог Гүлбара Ташиева
Врач-акушер, гинеколог Гүлбара Ташиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер-акушер, гинеколог Гүлбара Ташиева кош бойлуулукту аялдын ден соолугуна зыян келтирбей үзгүлтүккө учуратууга болорун айтты.
Ташиева: бойдон алдыруунун коопсуз түрү да бар

Аборттун коопсуз түрү бар деген маалымат жомок эмес, чындык. Бул тууралуу Гүлбара Ташиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коопсуз аборт – бул эртерээк бойдон алдыруу.

"Башкача айтканда, 12 жумага чейин жасалат. Анын эки түрү бар. Биринчиси — түйүлдүк атайын аппарат менен алынса, экинчиси — дары ичүү жолу менен түшүрүлөт. Дүйнөлүк медицинада 6-7 жумага чейин түйүлдүктү бойдон алдырса, аялдын ден соолугуна зыян келбейт деп айтылып, коопсуз аборт делет. Ал эми түйүлдүк чоңоюп, убакыт өтүп кеткен учурда бойдон алдырса, кийин төрөбөй калуу коркунучу жогорулап, аялдын ден соолугуна да чоң зыян алып келет", — деди дарыгер-акушер.

Ташиева бир жылда расмий түрдө 19 миңдей аял боюнан алдырарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0