Депутат ЖК Алмамбет Шыкмаматов

Шыкмаматов: алимент төлөөдө жоопкерчилик күчөтүлөт

291
(жаңыланган 16:20 28.11.2018)
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Үй-бүлө кодесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жаткандыгын маалымдады.
Шыкмаматов: алимент төлөөдө жоопкерчиликтер күчөтүлөт

Өзгөртүүлөрдүн маңызы жалгыз бой энелердин жана балдардын укугун коргоо, алимент төлөбөй жүргөн эркектердин жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу Алмамбет Шыкмаматов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча алимент төлөбөй жүргөн эркектерге карата кылмыш жоопкерчилиги каралганы менен анын механизмдери толук аныкталбай калган.

"Жубайлардын мамилеси үй-бүлөлүк кодекс менен жөнгө салынат. Бул жерге өзгөртүүлөрдү киргизбесек болбой калды. Жалгыз бой аялдардан алиментке байланыштуу көп арыздар түшөт. Ажырашып кетип, алимент төлөөдөн баш тартып же качып жүргөн эркектердин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө бөгөт коюшубуз керек. Белгилей кетүүчү жагдай, бул жерде жоопкерчилик өз жанын араң багып жүргөн, иши же үйү жок эркектерге эмес, колунда бар, тентек, кара өзгөй эркектерге карата багытталган. Алар чет өлкөгө бир гана эс алуу, убактыларын кызыктуу өткөрүү үчүн чыгып турушат", — деди Шыкмаматов.

Ошондой эле ал алиментти милдеттүү түрдө төлөтүү жоопкерчилиги бир гана эркектерге эмес, ошол эле маалда жолдошун балдары менен таштап кеткен аялдарга дагы колдонула тургандыгын кошумчалады.

291
Белгилер:
жоопкерчилик, алименты, арыз, кылмыш, Алмамбет Шыкмаматов
Тема:
Жөлөк пул (30)
Тема боюнча
Экинчи аялым менен колунда бар үчүн жашап жүрөм... Ара жолдо калган эркек
Депутат: сот аткаруучулар алимент боюнча соттун чечимин аткарбай жатат
Алимент төлөбөй сыртка чыга албай жүргөн кыргызстандык чек арадан кармалды
Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова

Мааткеримова: Россия биздин абитуриенттерге жылына 400дөй бюджеттик орун берет

28
Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова Кыргызстанга өкмөттөр аралык келишимдин негизинде жети өлкөнүн ЖОЖдорунан квоталык орундар берилерин айтты.
Мааткеримова: Россия биздин абитуриенттерге жылына 400дөй бюджеттик орун берет

Жыл сайын Россия Федерациясы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн Кыргызстанга 400дөн ашуун квоталык орун берет. Алар бакалавр, магистр жана докторлук багыттар боюнча бөлүнөт. Бул тууралуу Чынара Мааткеримова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Россия Федерациясынан сырткары Белорусcия, Казакстан, Тажикстан, Кытай жана Венгрия, Латвия мамлекеттери менен да орун алмашып окутуу келишимдери бар.

Батракеева: быйыл мүмкүнчүлүгү чектелген 15 абитуриент тест тапшырды

"Кыргызстан өкмөттөр аралык келишимдин негизинде иш алып барган жети мамлекет бар. Алардын негизгиси - Россия Федерациясы. Россия кыргызстандык студенттер үчүн жылына 400дөн ашуун бюджеттик орун берет. Ушундай эле тартипте Казакстан менен иштешебиз. Ал жакrа бир жылда бизден беш студент барып билим ала алат. Венгрия 75 квоталык орун бөлсө, Белоруcсиядан билим алууну каалаган жаштардан жылына 10ду жибере алабыз. Тажикстан 40ка чукул квоталык орун берсе, Кытай менен эки келишимдин негизинде иштешебиз. Бири ШКУ аралык болсо, экинчиси эки өлкөнүн билим берүү министрликтеринин сүйлөшүүлөрү. Экөөнү бириктирип жылына 70тен ашпаган студент жиберүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондой эле биздин жаштар Латвияга барып окуса болот. Бул мамлекет так сан айтпайт, жыл сайын өздөрүндөгү квоталык орундардын 10 пайызын бөлүп келет. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Венгрия жана Каазкстанга болгон квоталык орундарды эки эсе көбөйтүү пландалууда. Балким кийинки жылдан бул ишке ашып калат. Биз бул жактан ЖРТнын негизинде керектүү документтерин тиркеп, тизме гана жибере алабыз. Кабыл алчу тараптардын өздөрүнүн кошумча сынактары болот", — деди Мааткеримова.

Ал аталган өлкөлөрдөн Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттери гана пайдаланарын кошумчалады.

28
Белгилер:
чет өлкө, квота, билим
Тема боюнча
Жуматаев: адам илдеттерин изилдөө лабораториясын түзүүнү сунуштап жатабыз
Кызыл ай коомунун ыктыярчысы Райымбек Олжобай уулу

Олжобай уулу: кыргыздарда эзелтеден эле ыктыярчылыктын элементтери кездешип келет

164
"Кызыл ай" коомунун ыктыярчысы Райымбек Олжобай уулу өлкөдө ыктыярчылардын мектеби ачылышы керектигин айтты.
Олжобай уулу: кыргыздарда эзелтеден эле ыктыярчылыктын элементтери кездешип келет

Кыргыздарда эзелтен ыктыярчылыктын элементтери кездешкен. Алсак, элибиз ашар жолу менен бири-бирине кайтарымсыз көмөк көрсөтүп келген. Бул тууралуу Райымбек Олжобай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда, өзгөчө пандемия шартында ыктыярчылыкты ар ким ар кандай максатта колдонушууда.

Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги

"Негизи эле ыктыярчылык деген мүмкүнчүлүгү жокторго колуңдан келген көмөктү көрсөтүү болуп саналат. Учурда муну менен көпчүлүк учурда жаштар алектенишүүдө. Көпчүлүгү ыктыярчылыкты — батыш өлкөлөрүнөн келип, тамырын жайып бара жаткан көрүнүнүш катары кабылдашат. А чынында кыргыздарда деле буга жакын көрүнүштөр болуп келген. Алсак, бизде бир туугандар, айылдаштар чогулуп ашар уюштурушкан. Ошол ашарды ыктыярчылыктын башаты катары жайылтып, өзүбүздүн менталитетке ыңгайлаштырып колдонсок болот. Анан дагы өлкөдө волонтерлордун мектеби же кандайдыр бир уюму түзүлүшү керек. Анткени учурда муну менен ар ким ар кандай түрдө алектенишүүдө. Бул жөрөлгө абдан өнүгүп калды. Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда да көптөгөн ыктыярчылар тартылып, жакшы натыйжаларды көрсөтө алышкан. А бирок кандайдыр бир координация жасаган уюмдун жетишсиздиги байкалды. Өзгөчө учурдагы пандемия шартында көрүнүп калды", — деди Олжобай уулу.

Ал ыктыярчылык иш тажрыйба топтоо боюнча дагы жакшы мүмкүнчүлүк экенин кошумчалады.

164
Белгилер:
ашар, пандемия, ыктыярчылар
Тема боюнча
Ата-энем COVID жуктуруп алган соң ишке кириштим. Нарындык ыктыярчы кыздын маеги
Дарыгерлер. Архив

Экинчи толкунга даярдык. КРде 18 миңден ашуун медик кайра окутуудан өттү

0
(жаңыланган 17:30 04.08.2020)
Күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутуп жатат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүчү медицина кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо курстары үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

Эске салсак, күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутуп жатышат. Мында башка адистиктеги дарыгерлер коронавирусту жана пневмонияны дарылоону үйрөнүшөт. Өзгөчө азыр Кыргызстанга  инфекционист, кардиолог, терапевт, лаборант жана эпидемиологдор талап кылынууда.

"Мейли ал стоматолог же ортопед болсун, бирок зарыл болгон учурда окуудан өтүп, бекитилген протоколдорго ылайык дарылоого даяр турсун. Алгачкы медициналык-санитардык кызмат көрсөтүү адистерин жаңы клиникалык протоколдорго ылайык дарылоого онлайн-режимде окутуу ишин күчөтүү зарыл. Протоколдорду туура пайдалануу жана тийиштүү дарылоону камсыздоо абдан маанилүү", — деди өкмөт башчы.

"Колдоо керек". Чолпонаталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

Боронов лаборант жана врачтардын кадрлар резервин сапаттуу даярдыктан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга чейин 18 миңден ашуун адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү.

0
Белгилер:
медицина, окуу, дарыгерлер, коронавирус, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстан COVID-19дун кийинки толкунуна кантип кам көрүүдө? Бороновдун жообу