Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекташева: археологдорду даярдап чыгуу ЖОЖдордун өз колунда

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист минобразования КР Динара Бекташева
Специалист минобразования КР Динара Бекташева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Динара Бекташева кайсы бир адистик боюнча кесиптик билим берүү зарылчылыгы жаралса, ЖОЖдор Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине билдирүү жибериши керектигин белгиледи.
Бекташева: археологдорду даярдап чыгуу ЖОЖдордун өз колунда

Өлкөдө жок адистикти окутуш керек болсо, жогорку окуу жайлар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине билдирүү жибериши керек. Бул ишти Билим берүү министрлиги чечпейт. Мындай пикирин Динара Бекташева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2011-жылы ЖОЖдордо окутулчу адистиктердин тизмеси өкмөт тарабынан бекитилген.

"Кайсы бир адистик боюнча окутуу муктаждыгы жаралып жатса, ЖОЖдордун ошол кесипти окуу системасына киргизүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн окуу жай Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине билдирүү жиберет. Ошонун негизинде өкмөт окутулчу тармактардын тизмесин бекитет. Мындай тизме 2011-жылы түзүлүптүр. Тилекке каршы, ал жакка археология кирбей калган. Ушул себептен учурда өзүнчө адистик катары окутулбай жатат. Бирок абалдан чыкса болот. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетти мисалга ала турган болсок, алардын тарых боюнча окутуу методикалык бирикмеси бар. Бирикменин негиздеме каты менен бирдикте эксперименталдык окуу планын министрликке алып келүүлөрү керек. Ошонун негизинде эле биз окуу жайдагы тарых факультеттерине археология адистигин киргизип кое алабыз", — деди Бекташева.

Ал тарых факультети бар ЖОЖдор биригип, жумушчу топ түзүп жобо иштеп чыгуулары зарыл экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0