Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чокморова: республика боюнча 8600 адам СПИД илдетине чалдыккан

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель республиканского СПИД-центра Умуткан Чокморовова
Руководитель республиканского СПИД-центра Умуткан Чокморовова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова коркунучтуу ооруну жуктуруп алгандардын саны жыл сайын көбөйүп жаткандыгын маалымдады.
Чокморова: республика боюнча 8600 адам СПИД илдетине чалдыккан

Кыргызстанда СПИДге чалдыккан адам алгачкы жолу 1996-жылы аныкталган. 22 жыл аралыгында аталган дарттан жабыркагандардын саны тынымсыз өсүүдө. Бул тууралуу Үмүткан Чокморова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын тогуз айында бул ооруга чалдыккан адамдардын саны 605 адамды түздү.

"Өлкөдө 8600 адам СПИД илдетине чалдыгып, расмий каттоодо турат. 1996-жылдан 2003-жылга чейин республика боюнча 405 киши гана ооруга кабылган. Ошол биринчи катталган 1996-жылдан тартып азыркы күнгө чейин бул дарттан 1873 адам көз жумду. Мурдагы жылдары өлкөдө ВИЧти кан аркылуу жуктургандар көп болсо, эми жыныстык жол менен жуктуруп алгандар көбөйдү. 2007-жылы илдетке чалдыккандардын жалпы санынын 27 пайызы жыныстык катнаштан жуктургандар болсо, он жыл аралыгында ал 60 пайызды түздү", — деди Чокморова.

Ошондой эле ал СПИД илдети менен жабыркагандардын басымдуу бөлүгү 20дан 39 жашка чейинкилер экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0