Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тынаев: быйыл Ленин районунда үч чоң социалдык объект ишке кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековАким Ленинского района Бишкека Нурдин Тынаев
Аким Ленинского района Бишкека Нурдин Тынаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев райондун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча 2020-2025-жылдар аралыгындагы стратегия бар экендигин маалымдады.
Тынаев: быйыл Ленин районунда үч чоң социалдык объект ишке кирди

Ал стратегияны ишке ашыруу менен райондогу бир топ көйгөйлүү маселелер чечилет. Алар көбүнесе аймактын инфраструктуралык абалын оңдоого багытталган. Бул тууралуу Нурдин Тынаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл райондо 30га жакын жол оңдоодон өтүп, анын жарымы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

"Биздин район шаардагы эң чоң район. Калкынын саны расмий маалымат боюнча 248 миң адамды түзөт. Каттоого турбагандарды эске алганда 300 миңден ашат. Демек, ошончолук көйгөй бар. 2018-жылы бөлүнгөн кытайлык гранттын алкагында 13, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 15 жолду оңдодук. Жалпысынан үч ири социалдык объектини ишке бердик. Анын экөөсү мектеп, бирөөсү бейтапкана. Андан сырткары, агынды сууларынын куурларын, таза суу, жаратылыш газын өткөрүү боюнча аймакта иштер жүрдү, ал иштер келээрки жылы дагы инфраструктураны өнүктүрүү стратегиясынын алкагында уланат", — деди Тынаев.

Ошондой эле ал Ленин районундагы жолдогу тыгындарды азайтуу максатында кээ бир жолдор туурасынан кеңейтилип, айрымдары чоң көчөлөргө чейин узартылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0