Мончо ээлери ар кандай тез тутанчу жана узакка күйгөн материалдарды көмүр ордуна өрттөп жатышат. Ал шаардагы атмосферанын бузулушуна алып келүүдө. Бул тууралуу Нурдин Тынаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай жайлар аныкталган маалда алгач эскертүү берилет. Бул иш кайталанса, 1000 сомдон 10 000 сомго чейин айып салынат.
"Шаарды кара түтүн каптаганда биз райондо атайын рейд уюштурдук. Ленин районунда элди тейлөөчү 31 жеке менчик мончо бар экен. Мындай жайлардын айрымында пластикалык материалдарды, дөңгөлөктөрдү көмүр ордуна колдонушат. Бул материалдардан зыяндуу газдар көп бөлүнүп чыгат. Ошондуктан буларга тыюу салдык. Алгач бир ооз түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө аракет кылабыз, эгерде мончо ээлери талапка көнбөй, тез тутанчу желим материалдарды колдонгонду уланта берсе, анда айып салууга мажбур болобуз. Айып пул 10 миң сомго чейин чегерилет", — деди Тынаев
Ошондой эле ал жеке менчик жууна турчу жайларында тигүүчү цехтерден артып калган чүпүрөк материалдар дагы көп өрттөлөрүн айтып, ал калдыктарды дагы өрттөөгө тыюу салынгандыгын кошумчалады.
Агрессиянын ар кандай түрлөрү бар. Алар: коргонуу үчүн, ачуубуз келгенде, бирөөнүн жүрүм-турумуна таасир тийгизүү максатында көрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Нуриза Батырбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, биологиялык жактан алып караганда, агрессия организм стресс абалга кептелгенде пайда болот.
"Адамдарда агрессия көп учурда өзүн коргоо үчүн жаралат. Бул биздин генибизге сиңип калган, адам жаралгандан бери келе жаткан нерсе. Психологияда агрессиядан коргонуу үчүн "токто, качып кет, кол сал" деген түшүнүк бар. Адамдар негизинен агрессияга ушундай мамиле кылышат. Ал эми азыр акыл-эстүү коомдо жашап жаткандыктан көпчүлүк адамдар өзүн-өзү көзөмөлдөп калууга аракеттенишет. Агрессия пайда болгон учурда аны басып коюу социалдык жактан жакшы болгону менен адамдын эмоционалдык саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Андыктан аны чыгарып туруу зарыл. Бул үчүн спорт жакшы көмөкчү болуп берет. Адам кара күч жумшап көнүгүүлөрдү аткарганда же бир жумуш жасаганда маанайы көтөрүлүп, агрессивдүү абалдан чыгып кетет", — деди Батырбекова.
Психолог өжөрлүк да агрессияга кирерин айтып, бул анын жакшы жагы экенин кошумчалады.
Баткен деген жер атынын маанисин түшүнүү үчүн анын аягына уланган "кен" мүчөсүнө көңүл бурушубуз керек. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "кент" деген сөз байыркы түрк тилдеринде шаар, калктуу пункт дегенди түшүндүргөн.
"Кент термини азыркы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кавказ өлкөлөрүндөгү жер аталыштарында көп кездешет. Бул "шаар", "эл жашаган жер" дегенди түшүндүргөн байыркы түрк тилиндеги сөз. Кийинчерээк фарси тилине сиңип кеткен. Мисалы, Ташкент, Самарканд, Газалкент, Паркент, Пишкент деген жер аталыштары бар. Мунун баары тарыхта мурда шаар аталган жерлер болгонун билдирет. Ал эми Баткенди ала турган болсок, тажикче шамалды "бот, вот" деп аташат. Ага "кент" мүчөсү тилге ылайыкташып "кен" болуп уланып, Баткен деген жер аты келип чыгууда. Демек, бул "шамалдуу шаар", "калк жашаган шамалдуу аймак" дегенди түшүндүрөт", — деди Эшенгулов.
Топонимист Баткен облусунда шамал башка аймактарга караганда катуу согору илимде да аныкталгандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.
World's first traffic light for camels debuted at the scenic spot of Mingsha Mountain and Crescent Spring in China's Gansu on Sunday.
— China News 中国新闻网 (@Echinanews) April 12, 2021
When the traffic signal turns green, camels can cross the road, while tourists cross when the signal turns red, greatly ensuring traffic safety. pic.twitter.com/JZ7VkLDMQx
Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.
"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.
Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.
Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.