Делбирим тасмасынын продюсери Паризат Жакыпбекова

Жакыпбекова: Кадичанын ролун Элина ойной турганы кастингсиз чечилген

599
(жаңыланган 16:44 05.12.2018)
"Делбирим" тасмасынын продюсери Паризат Жакыпбекова кинодогу башкы каармандардын ролун жаратууга актерлорду тандоо иши конкурстук негизде болгондугун маалымдады.

Тасмадагы башкы каармандардын ролун жаратууга көп адамдар келип, күчүн сынады. Соңунда Асел менен Кадичанын ролун аткарууга 20дай кыз электен өттү. Бул тууралуу Паризат Жакыпбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, продюсер долбоорго бир жарым жылдык убактысын сарптаган.

"Бул долбоор кыргыз-өзбек элинин ортосундагы достукту чыңдоого жакшы өбөлгө болот деп эсептейм. Эгемендүү тарыхыбызда эки өлкөнүн ортосунда тартылган мындай тасма алгачкы ирет жаралып отурат. Андагы башкы каармандардын ролун эки өлкөнүн мыкты актерлору Улугбек Кадыров, Азиз Раджапов, Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы жаратышты. Актрисаларды чоң электен өткөрдүк. Асел менен Кадичанын ролуна көп кыз-келиндер катышты. Бирок жыйынтыгында Аселдин ролуна Мадина Талипбек жана Кадичанын ролуна Элина Абай кызы тандалып алынды. Элина Кадичанын образын жаратууга алдын-ала эле фаворит катары кабыл алынган. Ошентсе да чыгармачылык топ кастингде бул ролго да талапкер карап көрүүнү чечти. Бирок каалоочулардын көптүгүнө карабай, роль Элина Абай кызына берилди. Менин жеке пикиримде, ал өзүнүн каарманын мыкты ачып бере алды. Көрөрмандар буга жакын арада өздөрү күбө болот", — деди Жакыпбекова.

Ошондой эле ал кино 6-декабрдан баштап борбор калаанын бардык кинотеатрларында жалпы элге көрсөтүлө баштарын кошумчалады.

599
Белгилер:
тандоо, тасма, "Делбирим" тасмамы, Паризат Жакыпбекова
Тема боюнча
Өзбек актеру Улугбек: "Делбиримде" жашадым, мен да Байтемирге окшошмун
Мамытова: "Делбиримдин" Кыргызстандагы бөлүгү үчүн 3 млн. сом бөлүндү
Пикирлер