Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рысбаев: 60-70 жаштагы карыялар бел күчүмдү кубаттап бер деп кайрылат

© Sputnik / Табылды КадырбековМедицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог Болот Рысбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог Болот Рысбаев эркектер арасында тукумсуздукка кабылгандардын саны көбөйүп жаткандыгын маалымдады.
Рысбаев: 60-70 жаштагы карыялар бел күчүмдү кубаттап бер деп кайрылат

Тукумсуздук менен катар эле бел күчүнө байланышкан оорулар күч алды. Мындай оорулардын өсүп жатышы адамдын социалдык тиричилик жагдайына байланыштуу. Бул тууралуу Болот Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурда 50 жаштан өткөн эркектер бел күчүнүн алсыздыгына чалдыгып келсе, эми 20-30 жаштагылар арасында импотенцияга кабылгандар көп.

"Тукумсуздуктун биринчи көйгөйү — простата бези, урук бези, аларга суук тийгизүү, жыныстык ооруларды жуктуруп, өтүштүрүп алуу. Мунун баары тукумсуздукка себеп. Импотенция эки жол аркылуу пайда болот. Биринчиси нерв ситемасына байланыштуу болсо, экинчиси — кан тамырлар системасы. Бизге импотенцияга чалдыгып кайрылгандар өтө көп. Учурдагы технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен биз бул ооруну толук айыктыра алабыз. Айрым учурда 60-70 жаштагы карыялар кайрылып, бел күчүн кубаттап берүүсүн өтүнүшөт. Ал дагы колубуздан келет", — деди Рысбаев.

Ошондой эле ал кан тамыр системасына байланышкан эркектин алсыздыгын дарылоо ыкмасы протез аркылуу ыкчам чечиле тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0