Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кайкыева: жугуштуу оору боюнча кайрылгандардын саны 223кө көбөйдү

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарт аныктоо бөлүмүнүн дарыгери Бурмайым Кайкыева
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарт аныктоо бөлүмүнүн дарыгери Бурмайым Кайкыева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарт аныктоо бөлүмүнүн дарыгери Бурмайым Кайкыева курч респиратордук вирустук оорулар боюнча учурдагы абал былтыркы жылга салыштырмалуу кескин түрдө айырмаланбаганын маалымдады.
Кайкыева: жугуштуу оору боюнча кайрылгандардын саны 223кө көбөйдү

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 400 орун бар. Азыркы тапта вирустук илдет боюнча кайрылган бейтаптарга жетиштүү түрдө медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Бурмайым Кайкыева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 4-декабрь күнү мекемеге жалпысынан 291 адам курч респиратордук вирустук оору менен кайрылып, анын 43ү ооруканага жаткырылган.

"3-декабрь күнү биздин ооруканага медициналык жардам сурап 298 адам кайрылган. Анын 52си жаткырылып, 68ине кеп-кеңеш берилип үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Эртеси, 4-декабрь күнү, кайрылган адамдардын 43ү ооруканага жаткырылса, 55 адамга амбулатордук дарылоо сунушталган. Былтыр он ай ичинде Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жалпысынан 6459 адам кайрылса, 2018-жылдын он айында алардын саны 6682 адамды түздү. Башкача айтканда, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 223 кишиге көп. Бирок абал туруктуу, кооптонууга негиз жок", — деди Кайкыева.

Ошондой эле ал курч респиратордук вирустук ооруларга өз убагында чара көрүлбөсө өтүшүп отуруп, өпкө, кулак-мурундун өнөкөт дарттарын шарттай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0