Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чолоева: акчаны депозитте сактоо коопсуз жана ыңгайлуу

© Фото / Ажар МэлсоваӨлкөдөгү коммерциялык банктардын биринин операциондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Гүлмира Чолоева
Өлкөдөгү коммерциялык банктардын биринин операциондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Гүлмира Чолоева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү коммерциялык банктардын биринин операциондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Гүлмира Чолоева өлкөдөгү банктарда сом менен депозиттин чени 3,5 пайыздан 13 пайызга чейин жетерин айтты.
Чолоева: акчаны депозитте сактоо коопсуз жана ыңгайлуу

Акчаны үйдө кармаганга караганда банкта сактоо коопсуз, мындан тышкары, туруктуу көбөйүп туруу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул тууралуу Гүлмира Чолоева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, банк банкротко учураса же анда сакталган сиздин акчаларыңыз уурдалса, Депозиттерди коргоо мамлекеттик агенттиги 200 миң сомго чейинки каражатты банктын кайра кайтарып беришине кепилдик берет.

"Депозит — каражат чогултуу, аны коопсуз сактоо жана туруктуу көбөйтүү үчүн эң ыңгайлуу. Анын мөөнөтү ар кандай болот, кардарлар акчасын бир айдан үч жылга чейинки аралыкта сактай алышат. Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте каражатты алууну каалаган учурда кошулуучу пайыздар берилбейт. Жөн гана аманатка салган акчаны чыгарып кетүүгө болот. Банкка акча салып, депозит ачуудан чочулоонун кереги жок. Анткени өлкөдө Депозиттерди коргоо мамлекеттик агенттиги бар. Агенттик банк тонолгон учурда да 200 миң сомго чейинки депозитти банктын кайтарып берерине кепилдик берет", — деди Чолоева.

Ал ошондой эле кардарларды депозит ачууда өздөрү каалаган банкка барып, алгач маалымат алуусу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0