Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев. Архив

Бакеев: өлкө боюнча китепти кулундулуктар көп окууру аныкталды

1109
(жаңыланган 15:36 07.12.2018)
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев айылдыктарды китеп окууга кызыктырууда айыл өкмөттөрдүн орду чоң экендигин билдирди.

Өлкө боюнча китепти көп окугандар Баткен облусундагы Кулунду айылынын тургундары болуп чыкты. Бул жерде китепканага күнүнө 30-40 адам келээрине күбө болдук. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, башка аймактарда айына 30-40 адам китепкана босогосун аттаса, алардын дээрлик бардыгы мектеп окуучулары.

"Биз өзүбүз аймактарды кыдырып жүрүп күбө болдук. Лейлек районундагы Кулунду айылындагы китепканага күнүнө 30-40 окурман барат. Анткени айыл өкмөтү өзү демилгени колго алып, китепкана жаңы гезиттер, окуучуларга керектүү китептер менен үзгүлтүксүз камсыздалып турат экен. Ошондуктан айыл тургундары гезит окуу үчүн да китепканага баш багып турушат. Ошондой эле китепкана менен бир имаратта музей жайгашкан. Бул да окурмандардын келүүсүнө шарт түзөт деп ойлойм. Мындан сырткары, китепкананын өзүнүн куурчак театры бар. Ал жерде мектеп жашына чейинки балдарга салтанат, мааракелерде спектаклдер коюлуп турат. Мына ушунун баарын түзүүгө айыл өкмөтү көмөкчү болгон", — деди Бакеев.

Ал ошондой эле башка айыл өкмөттөрүн да жергиликтүү китепканаларга салым кошууга чакырды.

1109
Белгилер:
айыл өкмөтү, китепкана, Ринат Бакеев
Тема боюнча
Бакеев: китепканалар да өз алдынча инвестиция тарта алат
Пикирлер