Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: манасчы болуу үчүн түш көрүп коюу жетишсиз

Жазылуу
Манасчы Рысбай Исаков аталган кесипти аркалоо үчүн терең билим, оңбогондой эс тутум керек экендигин айтты.
Исаков: манасчы болуу үчүн түш көрүп коюу жетишсиз

Адатта манасчылыкты түш көрүү менен байланыштырып келишет. Бирок бул жетишсиз. Мындай пикирин Рысбай Исаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, улуу өнөрдүн ээси болуу үчүн география, астрономия, математика сыяктуу илимдерди жакшы билүү талапка ылайык.

"Аян берип эле анан манасчы болуп кетет деген түшүнүк чоң жаңылыштык. Андай болгондо манасчы болуу эң оңой болуп калмак. Бул өнөрдү аркалоо үчүн дүйнө таанымың кенен, илим-билимге жакын адам болушуң керек. Эбегейсиз чоң эс тутум талап кылынат. Эптеп эле өмүрүңдө бир жолу түш көрүп койсоң, оозуңдан Манас куюлуп калбайт. Аны улам жаттап отуруу менен кыраатын келтирип, жаңсоо кыймылдарын өздөштүрүп, жер-суу аттарын мыктылап билип, анан гана Манас айтууга батынсаң болот", — деди Исаков.

Ал өзүнүн түздөн-түз манасчы болууга таасирин тийгизген устаты болбогондугун, китептер аркылуу Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаевди мугалими катары көрөөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0