Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султамбаев: футбол боюнча дүйнөлүк рейтингде 91-орунда турабыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев. Архив
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев Кыргызстандын дүйнөлүк рейтингдеги көрсөткүчү ортодон жогору экендигин билдирди.
Султамбаев: футбол боюнча дүйнөлүк рейтингде 91-орунда турабыз

ФИФАнын тизмесинде 200дүн тегерегинде курама команда бар. 2012-жылдан бери аталган тизмеде ордубузду жыл сайын жакшыртып келе жатабыз. Бул тууралуу Нурдин Султамбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын бюджетинин чакандыгына байланыштуу тизмедеги орун өлкө үчүн жаман эмес көрсөткүч.

"Акыркы убактарда кыргыз курама командасы жакшы ийгиликтерге жетишти. Дүйнөлүк рейтингди 2012-жылдан бери жаңыртып, улам жогорулап келе жатабыз. Мамлекеттин, жеке ишкер, демөөрчүлөрдүн колдоосу үзүрүн берүүдө. Себеби футбол кымбат оюндардын түрү, ага ар дайым каржылык колдоо көрсөтүп туруш керек. Кыргызстан эл аралык аренага чыгып жатат, дүйнө чемпионатынын тандоо турларына катышат, эл аралык олимпиада комитетинин системасы менен өткөрүлө турган иш-чаралардын катышуучусу болуп эсептелет. Мунун баары өсүүнүн белгиси. Өлкөдө кийинки убактарда мини футбол, кыз-келиндер арасындагы футбол дагы өнүгүү жолуна түштү", — деди Султамбаев.

Ошондой эле ал футзал боюнча Кыргызстандын командасы Азия контингентиндеги мыкты курамалардын катарында экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0