Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулмендеев: Айтматов 25 жыл кыргыз киносун жетектеп турган

© Sputnik / Эркин СадыковКыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев
Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев учурда кыргыз киносунда өндүрүш тармагы өсүп, бирок прокат, жайылтуу иштери аксап жатканын билдирди.
Кулмендеев: Айтматов 25 жыл кыргыз киносун жетектеп турган

Чыңгыз Айтматов Кинематографисттер союзун 25 жыл жетектеп келгенин эске алуу менен болсо да 90 жылдык юбилейинде бир кыргыз тасмасы жаралса болмок. Тилекке каршы, мамлекет тарабынан бул маселе колдоого алынган жок. Мындай пикирин Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда кино тармагына мамлекет тарабынан жеткиликтүү көңүл бурулбай жатат.

"Кино дүйнөсү бир эле аны тартуудан түзүлбөйт. Жаралган тасманы жайылтуу, көрүүчүлөргө жеткирүү, айтор көптөгөн түйшүгү бар. Бул маселелерди киночулар эмес, өлкө өзү чечип бериши керек. Бирок бизде кинофильмди тартуунун бардык иштери чыгармачыл топтун өзүнө жүктөлгөн. Кино жаратууда эч кандай мамлекеттик саясат жүргүзүлбөйт. Мисалы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 25 жыл бою кыргыз киносун жетектеп келгени үчүн деле бир чыгармасынан фильм жаратсак болмок", — деди Кулмендеев.

Ал кино аркылуу өсүп келе жаткан муунга чоң тарбия берип, мекенчилдикти ойготсо болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0