Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батыргалиев: жыныстык өнүгүү боюнча балага 10 жашынан тарта маалымат берүү керек

© Sputnik / Эркин Садыков"Улуттук жаштар комитети" коомдук уюмунун төрагасы Улукбек Батыргалиев
Улуттук жаштар комитети коомдук уюмунун төрагасы Улукбек Батыргалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Улуттук жаштар комитети" коомдук уюмунун төрагасы Улукбек Батыргалиев айрым чет өлкөлөрдө жыныстык катнаш тууралуу маалыматтар өспүрүмдөргө мектеп босогосун аттагандан тартып берилерин билдирди.
Батыргалиев: жыныстык катнаш боюнча балага 10 жашынан тарта маалымат берүү керек

Көп учурда жаш улан-кыздар чоңойгон сайын сексуалдык жактан оор көйгөйлөргө дуушар болот. Ал маселелер убагында жыныстык өнүгүү  тууралуу кабардар болбогондон улам келип чыгат. Бул тууралуу Улукбек Батыргалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, орто билим берүү мекемелеринин окуу процессине репродуктивдүү ден соолук боюнча сабактар киргизилиши керек.

"Репродуктивдүү ден соолук тууралуу маалымат балдарга 9-10 жашында берилсе жакшы болмок. Бир гана жыныстык өнүгүү тууралуу эмес, бул багыттагы жалпы организмдеги өзгөрүүлөр, аларга даярдыктар боюнча балдар жаштайынан билиши зарыл. Айтсак, кыздардын этек кири 9-10-11 жашында келет. Ал жөнүндө буга чейин үйүндө же мектепте маалымат албаган кыз коркот, чочуркайт. Ошентип көйгөйлөр жаралат. Эгер мектептерде мындай тажрыйбаны башталгыч класстардан киргизе баштаса, жакшы жыйынтык болмок. Кенен маалымат алган бала кийинки жашоосунда да бул багытта ден соолугуна олуттуу карап калмак. Көп адамдар репродуктивдүү ден соолук маселесине көңүл бурбай жатат", — деди Батыргалиев.

Ошондой эле ал учурда өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү жыныстык өнүгүү боюнча суроолорго жоопту интернеттен издей тургандыгын айтып, анда көп учурда эле сапатсыз маалымат камтыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0