Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу, коммуникация бөлүмүнүн башчысы Мелисбек Эржигитов

Эржигитов: жакында калктын бирдиктүү реестри түзүлөт

94
(жаңыланган 16:22 13.12.2018)
Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу, коммуникация бөлүмүнүн башчысы Мелисбек Эржигитов аталган мекеме 100дөн ашуун кызмат көрсөтөрүн билдирди.
Эржигитов: жакында калктын бирдиктүү реестри түзүлөт

Мамлекеттик каттоо кызматы стратегиялык бир багытта иштеп жатат. Анын негизги максаты калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү болуп эсептелет. Бул тууралуу Мелисбек Эржигитов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бирдиктүү реестрге жети документтин түрү киргизилет. Тактап айтканда, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, үй- бүлөлүк абалы, билими жөнүндө документтер, айдоочулук күбөлүгү, ички, сырткы паспорттору.

"Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик кызматтарды эң көп көрсөткөн мекеме, жалпысынан республика боюнча 9000ден ашуун кызматкер эмгектенет. Токтом боюнча 44 кызмат көрсөтүү каралганы менен деталдаштырып карай турган болсок, 100дөн ашат. Курамында үч департамент, эки мамлекеттик ишкана жана бир агенттик бар. Мамлекеттик каттоо кызматынын аткарып жаткан иштеринин эң негизгиси болуп, калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү эсептелет. Бирдиктүү реестрде жарандардын туулгандан баштап бардык маалыматтары камтылат. Мындай нерсе кыргызстандыктарга кызматтарды электрондук негизде алууга, бюрократияны жоюуга, коррупциялык аракеттерге бөгөт коюуга шарт түзөт. Учурда иштин жарымынан көбү аткарылып калды. Керектүү документтер чогулуп бүткөн соң реестр ишке кирет, — деди Эржигитов.

Ал бирдиктүү реестрге киргизилген маалыматтардын коопсуздугу жогору экенин кошумчалады.

94
Белгилер:
Документтер, Мелисбек Эржигитов
Тема боюнча
Жаныгулов: ыктыярчылар жардам бергенде абдан кубанабыз