Тазалык муниципалдык ишканасынын Ала-Тоо аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов

Жаныгулов: Бишкектин борбордук аянтына 200 миң түп гүл отургузулат

36
(жаңыланган 14:44 14.12.2018)
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Ала-Тоо" аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов отургузула турчу гүлдөр 3700 чарчы метр аянтты ээлей тургандыгын маалымдады.
Жаныгулов: Бишкектин борбордук аянтына 200 миң гүл отургузулат

Гүлдөрдү отургузууда анын жасалгаланышына, дизайнына жана өңү-түсүнө өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу Руслан Жаныгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, гүлдөрдү алууда ишкана күнөсканалар арасында конкурс уюштуруп, жеңүүчүсү менен кызматташуу боюнча келишим түзөт.

"Гулдөрдү отургузуу иштери январь айында башталат. Аларды биз конкурс аркылуу утуп чыккан күнөсканалардан алабыз. Быйыл Бишкек шаарынын борбордук аянтына 200 миң даана гүл отургузулат. Алар георгина, агератум, гацания жана башка түрлөрү. Гүл аянтчасы кооз болушу үчүн анын дизайнына өзгөчө көңүл бурулат. Алгач бардыгын мэрия менен макулдашып алып, андан кийин коюлган планды аткарабыз. Гүл отургузула турган аймактын жалпы аянты 3700 чарчы метрди ээлейт. Учурда күнөсканаларга конкурс жарыяланды", — деди Руслан Жаныгулов.

Ошондой эле ал гүл бакчанын дизайны алгач кагаз бетине, андан кийин компьютердик графикада иштелип чыгарын кошумчалады.

36
Белгилер:
гүлазык, дизайн, аянт, Бишкек мэриясы, Руслан Жаныгулов
Тема боюнча
Оштун көркүн ак кайың, карагай жана роза гүлдөрү ачат. Сүрөттөр
Козу карын өстүрүү боюнча технолог Эрмек Джусумбеков

Джусумбеков: козу карын бизнесине кызыгуум окуучу кезимден башталган

76
Козу карын өстүрүү боюнча технолог Эрмек Джусумбеков Кыргызстанда колго өстүрүлгөн козу карындын вёшенка жана шампиньон деген эки сорту бар экендигин билдирди.
Джусумбеков: козу карын бизнесине кызыгуум окуучу кезимден башталган

Козу карын өстүрүү өлкөдө анчалык өнүгө элек, бирок жапайы түрлөрүн терип сатуу колго алынган. Бул тууралуу Эрмек Джусумбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, Кыргызстанда тамак-ашка колдоно турган жапайы козу карындын 90дон ашуун түрү бар.

"Козу карын өндүрүүгө болгон кызыгуум мектеп жашымдан башталган. Германиядан келген бир аяш атам алгач ирет колго козу карын өстүрсө болорун көрсөткөн. Ошондон тарта бул менин кыялыма айланган. Көптөгөн керектелүүчү техникалары жок эле өз күчүм менен козу карын өстүрүүгө көп жылдар аракет кылып жүрдүм. Жасаган ишим эч майнап бербей, ата-эне, жакындарым "таштачы ушул ишиңди" деген күндөр да болду. Мен ошентсе да аракетимди токтотпой, китепкана, Илимдер академиясындагы материалдар, интернетти казып окуп отуруп, бул багыттагы ишкерликти өз алдымча жолго коюп алдым.  Учурда башкаларга козу карын өндүрүү боюнча кеп-кеңеш берип, бизнес-план түзгөнгө көмөктөшөм. Козу карын бизнеси эгер жалгыз адам жасаса, абдан кирешелүү десек болот, ошону менен катар эле түйшүгү да күч. Азырынча өлкөдө ишкерликтин бул түрү жакшы колго алына элек. Ага караганда жапайы түрлөрүн терип, чет мамлекеттерге сатуу жолго коюлуп калган. Кыргызстандын жапайы козу карындарынын негизги кардары Кытай. Алар нукура азык деп жогору баалашат. Ал эми колго өндүрүлгөнү ушул тапта ички рынокко гана чыгып жатат", — деди Джусумбеков.

Ал козу карын өндүрүү ишкерлиги кирешелүү, түйшүктүү гана эмес, өзгөчө кызыктуу экенин кошумчалады.

76
Белгилер:
козу карын, бизнес
Тема боюнча
Шаршеев: ишкерлик боюнча да жаңы көз караштар жаралууда
Соода-өнөр жай палатасынын кичи комитетинин төрагасы, экономика министринин кеңешчиси Улукман Мамытов

Мамытов: сомду санариптештирүү аркылуу кризистен чыксак болот

126
(жаңыланган 11:06 22.10.2020)
Соода-өнөр жай палатасынын кичи комитетинин төрагасы, экономика министринин кеңешчиси Улукман Мамытов сомду санариптештирүү долбоору иштелип жаткандыгын билдирди.

Кыргызстан инвесторлорго таянып отура бербей, сомду санариптештирүү менен экономикалык көз карандысыздыкка жетишсе болот. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Мамытов: сомду санариптештирүү аркылуу кризистен чыксак болот

Анын айтымында, учурда сомду санариптештирүү боюнча долбоор иштелип жатат.

Абдыров: акыркы саясий окуялар экономикага терс таасирин тийгизет

"Экономика министрлигинин алдында Экономикалык саясатты изилдөө институту бар. Бул мекеме тарабынан сомду санариптештирүү долбоору сунушталууда. Максаты — тышкы карыздан кутулуу үчүн электрондук сомду ички рынокто колдонуу. Бирок азыр актуалдуу болуп жаткан маселелердин дагы бири  —  бизде эле эмес, жалпы дүйнө жүзүндө күтүлүп жаткан кризис. Андан чыгуу үчүн да өлкө бюджетин толуктоо зарылчылыгы турат. Андыктан дайыма эле инвесторлордон көз каранды болуп отура бербешибиз керек. Абалдан сомду санариптештирүү менен чыксак болот. Мындай ыкманы учурда Италия колдонууда. Алар дал өздөрүнүн акчасындай болгон эле электрондук баалуу кагаздарды чыгарышкан. Ушул эле ыкманы Кытай жана Россия колдонууну пландап жатканын билдиришти. Кыргызстан дагы бул долбоорду ишке ашыруу менен кризистен чыкса болот", — деди Мамытов.

Ал сомду электрондоштуруу долбоору алгач сынамык иретинде ишке киргизилерин кошумчалады.

126
Белгилер:
кризис, долбоорлор, санарип, сом
Тема боюнча
Шаршеев: ишкерлик боюнча да жаңы көз караштар жаралууда
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди