Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакиров: парламенттин 80 жылдыгын өткөрүүгө каражат каралган эмес

© Sputnik / Andranik GhazaryanДепутат ЖК Мирлан Бакиров
Депутат ЖК Мирлан Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракеси 21-декабрда КР президентинин мамлекеттик резиденциясында өткөрүлөрүн билдирди.
Бакиров: парламенттин 80 жылдыгын өткөрүүгө каражат каралган эмес

Парламенттин 80 жылдыгына карата илимий-тажрыйбалык конференция уюштурулат. Аны өткөрүү үчүн түзүлгөн жумушчу топту жетектөө вазийпасы мага ыйгарылды. Бул тууралуу Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маалымдады.

Анын айтымында, аталган иш-чарага мамлекеттен атайын акча бөлүнгөн эмес. Үнөмдөлүп калган акчадан 200 миң сомдун тегерегинде канцелярдык чыгымдарга жумшалат.

"2018-жылдын 21-декабрында кыргыз парламентине 80 жыл толот. Бул датаны биз илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүү менен белгилейли деп чечтик. Аталган иш-чара мамлекеттик резиденцияда болуп, ага VI чакырылыштагы эл өкүлдөрү толук курамда, легендарлуу парламент, жарандык активисттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, парламентаризмге салым кошкон инсандар чакырылат. Иш-чараны өткөрүүгө мамлекеттен каражат каралган эмес. Биз үнөмдөлүп калган акчанын эсебинен 200 миңдей сомго канцелярдык буюм алабыз", — деди Бакиров.

Ал 80 жылдыктын алкагында 2019-жылы да илимий-практикалык конференция уюштуруларын, ага парламенттик башкаруу системасы менен жашап жаткан өлкөлөрдөн коноктор чакырылып, иш-чараны да ири чыгымдарсыз өткөрүү божомолдонуп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0