Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садыкулова: жаштар интернеттен көңүлү калмайынча китеп окубайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор предприятия "Нуска" Анаркан Садыкулова
Директор предприятия Нуска Анаркан Садыкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Нуска" китеп дүкөнүнүн директору Анаркан Садыкулова бүгүнкү күндө тарбиялык китептер жетишпей келерин айтты.
Садыкулова: жаштар интернеттен көңүлү калмайынча китеп окубайт

Эч качан жаштарды кыйнап китеп окута албайбыз. Бул тууралуу Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта коомго тарбия берүү багытындагы китептер жетишпей келет.

"Азыркы басылып жаткан китептердин дээрлик 30 пайызы чыкпаш керек болчу. Кимдин акчасы бар болсо эле китеп даярдап, сатыкка кое башташты. Анын ордуна тарбиялык багыттагы китептер жарык көрсө жакшы болмок. Күн сайын жагымсыз кабарларды угуп, көрүп жатканыбыздын бирден-бир себеби да китеп окубагандыгыбызда. Ата-энелер кичинекей балдарына кымбат баалуу телефондорду сатып берүүнү ыраа көрөт. Бирок 500 сомдук китеп алып бергенди кымбат деп эсептешет. Жаштар болсо интернеттен көңүлү калмайынча эч убакта колуна китеп кармабайт", — деди ал.

Садыкулова китеп сүйүүчүлөр тарабынан классикалык чыгармаларга дайыма суроо-талап болуп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0