Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чокморова: сырткы чөйрөдө вирус жарым сааттын ичинде өлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова. Архив
Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова ВИЧ СПИД илдетинин вирусу көбүнесе кан, жыныстык органдардын суюктугу жана эмчек сүтүндө болорун маалымдады.
Чокморова: сырткы чөйрөдө вирус жарым сааттын ичинде өлөт

Адамдын шилекейинде дагы вирус болушу мүмкүн, бирок ал кандагы же спермадагы вирустай активдүү эмес. Бул тууралуу Үмүткан Чокморова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, вирустун шилекейде бардыгын же жоктугун экспресс тесттер менен аныктаса болот.

"Сырткы чөйрөдө вирус алсыз, 36 градуста же жарым саатта өлөт. Эң кооптуу вирустар канда, спермада, жыныстык органдардын суюктугунда жана эмчек сүтүндө. Ушул жол менен вирус ыкчам жугат. Шилекейдеги вирус болсо өтө активдүү эмес. Инфекция медициналык мекеме жайлардан дагы жугушу мүмкүн. Ийне аркылуу ооруканаларда бейтаптарга илдетти жуктуруп алган фактылар Ош, Жалал-Абад облустарында буга чейин катталган. Андыктан кан менен иштөөдө кылдаттык керек. Кээде төрөт үйлөрүндө медициналык персоналга кан чачырашы мүмкүн, ар түрдүү операциялар жасалат. Бардыгы эле "мен СПИД менен ооруйм" деп айта бербейт. Ошондон улам ах халатчандар дагы өз саламаттыгына жоопкерчиликтүү болуп, бет кап, медициналык кол кап кийип, бардык талаптарды так аткарып туруусу кажет", — деди Чокморова.

Ал буга чейин бейтаптан медициналык персоналга илдет жуккан учур катталбагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0