Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Болотбеков: Свердлов районунда 27 чакырым жол асфальтталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСвердлов районунун акими Самарбек Болотбеков
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков 2018-жылы аталган райондо бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгын айтты.
Болотбеков: Свердлов районунда 27 чакырым жол асфальтталды

Бул жылы Свердлов районунда жол тыгындарын азайтуу жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча көптөгөн аракеттер көрүлдү. Бул тууралуу Самарбек Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган райондогу дээрлик 27 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.

"2018-жылдын башынан бери биздин райондо дээрлик 27 чакырым жол асфальтталып, үч жаңы көпүрө салынды. Муну менен катар жол үстүндөгү эки өтмөк ишке кирип, "Мадина" жана "Аламүдүн" базарларындагы жол тыгындарын азайтууга негиз болду. Ал эми ЦУМдун жанындагы жана Чыгыш автобекетиндеги жол алдындагы өтмөктөр оңдолуп, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү", — деди Свердлов районунун акими.

Ошондой эле ал бул жылы аталган районго ири соода борборлор курулуп, иш орундары пайда болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0