Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дүйшөбай кызы: коом ара төрөлгөн балдарга көп көңүл бурбайт экен

© Фото / Айбек МамараимовАктивист Рахат Дуйшебай кызы
Активист Рахат Дуйшебай кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы "28 ийне ыктыярчылар клубунун" мүчөсү Рахат Дүйшөбай кызы ара төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүү демилгеси социалдык тармактарда колдоого ээ экендигин билдирди.
Дүйшөбай кызы: коом ара төрөлгөн балдарга көп көңүл бурбайт экен

Карыларга, балдар үйүнө, социалдык жактан муктаж, көп балалуу үй-бүлөлөргө мамлекет, коомчулук тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт. Бирок маалына жетпей төрөлгөн ымыркайларга дээрлик көңүл бурулбайт. Бул тууралуу Рахат Дүйшөбай кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып айтты.

Анын айтымында, ыктыярчылар бул маселени чечүүдө демилгени өз колдоруна алып, акыркы эки жылдан бери төрөт үйүндөгү ара төрөлгөн наристелерге жардам көрсөтүп келишет.

"Баамдап отурсак, карыларга, балдар үйүнө коомчулук аз да болсо колдоо көрсөтөт экен. Бирок ара төрөлгөн балдарга жардам көрсөткөндөрдү көрө албадык. Бул жерде бир гана наристе эмес, анын ата-энеси дагы моралдык жактан колдоого алынышы керек. Убактысына жетпей төрөлгөн ымыркайдын салмагы аз, тери алдындагы майы нормадан төмөн болот. Жылуулукту кармай алышпайт. Бардык энергиясы жылууланууга кетет, өсүп чоңоюшуна энергия калбай калат. Ошондуктан биз жүн жиптен байпак, топу, төшөнчө токуп, балдарга жардам көрсөтүп келебиз. Жүн менен токулган буюм аллергия кылбайт, экологиялык жактан таза, эң негизгиси жылуулукту жакшы сактайт. Бир айда бир-эки жолу Ош шаарындагы төрөт үйлөрүн кыдырып, ара төрөлгөн наристелерге жардам бергенге аракет кылабыз", — деди Рахат Дүйшөбай кызы.

Ошондой эле ал аталган клуб Ош шаары боюнча жалпысынан он чакты ыктыярчынын башын бириктирип, социалдык тармактардан дагы колдоого алгандар бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0