Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кутубаев: быйыл керектелүүчү көмүрдүн 90 пайызын казып бүттүк

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору Замирбек Кутубаев
Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору Замирбек Кутубаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору Замирбек Кутубаев быйыл өкмөттүн токтомуна ылайык республика боюнча 2 миллион 330 миң тонна көмүр керектелерин айтты.
Кутубаев: быйыл керектелүүчү көмүрдүн 90 пайызын казып бүттүк

Быйыл жалпы керектелүүчү көмүрдүн 90 пайызы менен өлкөнү камсыздадык. Калган 10 пайызы муктаждыкка жараша казылат. Бул тууралуу Замирбек Кутубаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун ушул жылга болгон көмүргө муктаждыгы 1 миллион тоннаны түзөт.

"Республика боюнча быйыл 2 миллион 330 миң тонна көмүр керектелери өкмөттүн токтомунун негизинде чечилген. Анын ичинен 246 миң тоннасы бюджеттик мекемелерге, 1 миллион 83 миң тоннасы калктын керектөөсүнө жумшалат. Ал эми Бишкек ЖЭБи быйыл 1 миллион тонна көмүр жагары белгилүү болгон. Биз бул муктаждыктардын 90 пайызын ишке ашырдык. Калган 10 пайызы керектөөлөргө карата казылат", — деди Кутубаев.

Ошондой эле ал жергиликтүү көмүр менен ички керектөөнү камсыздоо жылдан-жылга өсүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0