Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Догоев: жарандар ачык маалыматка ээ болуш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттин санариптүү трансформация маселелери боюнча кеңешчиси Дастан Догоев
Президенттин санариптүү трансформация маселелери боюнча кеңешчиси Дастан Догоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин санариптүү трансформация маселелери боюнча кеңешчиси Дастан Догоев "Ачык маалымат" долбоору 12 пилоттук негизде мамлекеттик мекемелер менен иш алып барып жатканын айтты.
Догоев: жарандар ачык маалыматка ээ болуш керек

Тиешелүү мамлекеттик органдардагы маалыматтарды ачып, аны колдонууга шарт түзүп берүү керек. Бул тууралуу Дастан Догоев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир жаран ачык маалымат менен камсыз болууга тийиш.

"Ачык маалымат долбоорунун алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардагы маалыматтар ачылып, аны ар бир каалоочу пайдалана алат. Студент болобу, журналист болобу, изилдөөчү болобу, кайсы мамлекеттик органдын кандай маалыматы керек болсо колдоно алуусуна шарт түзүлмөкчү. Алардын бул маалыматтар менен иштеп, анализ жүргүзүп, изилдөө жасашы ачык маалымат болуп саналат", — деди Догоев.

Ошондой эле ал тиешелүү мыйзамдар менен корголгон маалыматтар ачылбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0