Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садыралиева: жаңы жылдык дасторкондо дан азыктары көп болгону жакшы

© Sputnik / Табылды КадырбековФуд-блогер Назира Садыралиева
Фуд-блогер Назира Садыралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фуд-блогер Назира Садыралиева кытай гороскобу боюнча келе жаткан жаңы жыл каман жылы болгондуктан, дасторконду кызыл, сары түстөгү жер-жемиштер менен кооздоо керектигин айтты.
Садыралиева: жаңы жылдык дасторкондо дан азыктары көп болгону жакшы

Каман боткону жакшы көргөндүктөн, жаңы жылдык дасторкондо дандан жасалган тамак-аштар көп болуусу талапка ылайык. Мындай пикирин Назира Садыралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун  эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, майрамдык столго жер-жемиштердин бардык түрүн кое берсе болот.

"Келе жаткан жыл кытай гороскобунда каман жылы болгондуктан дасторконду кооздоо кыйынчылыкты жаратпайт. Анткени каман бардык тамактарды ылгабай жей берген жаныбар. Ошентсе да анын сүйгөн тамагы ботко болгондуктан, салат, тамак-аштын баарына дандын түрлөрүн кошо берсе болот. Каман баарынын көп болушун каалайт. Андыктан дасторкон берекелүү болгону жакшы. Жашылча-жемиштин түрү менен кооздоп, өзгөчө кызыл, сары өңдөгүлөрүнө басым жасоо керек. Себеби бул түстөр каман жылында байлык чакырат деген ишенимдер бар", — деди Садыралиева.

Ошондой эле ал учурда көпчүлүк адамдар туура тамактанууга өткөндүктөн салат жасоодо өсүмдүк майларын, ал эми эт кошулган тамактарга балык, тоок этин колдонуу туура болорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0