Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамырканова: максатыбыз — жарандык аң-сезимди жогорулатуу

© Sputnik / Асель АкматалиеваКоординатор проекта IDEA в ЦА Нурайым Шамырканова
Координатор проекта IDEA в ЦА Нурайым Шамырканова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук Азиядагы IDEA уюмунун долбоорлор координатору Нурайым Шамырканова жарандык окутуу боюнча окуу куралы даярдалып жатканын айтты.
Шамырканова: максатыбыз — жарандык аң-сезимди жогорулатуу

Кесиптик лицейлердин студенттери чет өлкөгө көп чыккандыктан, аларга өз укуктарын үйрөтүү өтө маанилүү. Бул тууралуу Нурайым Шамырканова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштар укуктарын практикалык жактан билишет, бирок иш жүзүнө ашырууда кыйналышат.

"Коомчулукта туруктуу тынчтык үчүн" деген долбоорду июль айында баштаганбыз. Бүгүнкү күндө да өз ишин улантып келе жатат. Максаты — кесиптик лицейлердеги студенттердин жарандык аң-сезимин жогорулатуу. Бул багытта атайын окуу куралын иштеп чыгуудабыз. Өзгөчөлүгүн айта кетсем, биринчи жолу студенттер ал окуу куралынан эмнени окуганды каалай турганы эске алынды. Мындан сырткары, дүйнө жүзүндөгү жарандык окутуу боюнча практикаларды изилдеген адамдардын тажрыйбасын колдондук", — деди Шамырканова.

Ал маалымат алууда анализ жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады

Жаңылыктар түрмөгү
0