Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асрандиев: быйыл бизнес чөйрөсү былтыркыдай активдүүлүгүн көрсөткөн жок

© Sputnik / Эркин СадыковПредседатель правления РКФР Эркин Асрандиев
Председатель правления РКФР Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев аталган фонддо 2018-жылы былтыркыга салыштырмалуу насыя берүүнүн көрсөткүчү төмөн болгондугун айтты.
Асрандиев: быйыл бизнес чөйрөсү былтыркыдай активдүүлүгүн көрсөткөн жок

2018-жылда долбоорлордун жакталган суммасы да, берилген суммасы да 2017-жылга салыштырмалуу аз болду. Мунун башкы себеби катары 2017-жылга караганда быйыл өлкөдө бизнес жүргүзүүнүн өзү солгундады десек болот. Мындай пикирин Эркин Асрандиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу 2018-жылы жалпысынан 1630 долбоорду каржыласа, анын 50дөн ашууну түздөн-түз кайрылган долбоорлор болгон.

"2018-жылы жалпысынан 294 миллион долларлык 1630 долбоорду каржыладык. Жыл ичинде түздөн-түз кайрылган 50дөн ашуун долбоор болду. Алардын жарымы жылдын октябрь айына чейин келсе, калган жарымы соңку айларда келип түшкөн. План боюнча мындай долбоорлорду каржылоону 100 миллион долларга жеткиребиз деп ойлодук эле, тилекке каршы, быйыл бизнес чөйрөсү активдүү болгон жок. Андыктан 2017-жылга караганда быйылкы көрсөткүчтөрүбүз төмөн", — деди Асрандиев.

Ал үстүбүздөгү жылы каржыланган долбоорлордун көпчүлүк пайызы аймактарга туура келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0