Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кутубаев: көмүргө кошулган үстөк баа өз наркынын 20 пайызынан ашпаш керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоммерческий директор государственного предприятия "Кыргызкөмүр" Замирбек Кутубаев
Коммерческий директор государственного предприятия Кыргызкөмүр Замирбек Кутубаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору Замирбек Кутубаев көмүргө бааны аталган мекеме эмес, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги аныктарын айтты.
Кутубаев: көмүргө кошулган үстөк баа өз наркынын 20 пайызынан ашпаш керек

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүргө болгон бааны жыл сайын сортуна карап аныктап берет. Дүңүнөн алгандар ошол баа менен сатып алып кетишет. Бул тууралуу Замирбек Кутубаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл Кара-Кеченин Кабак бассейнинен казылып алынган көмүрүнүн наркын аталган агенттик 1250-1300 сом деп бекитип берген.

"Кара алтынга болгон бааны биз чечпейбиз. "Кыргыз көмүр" ишканасынын милдети баа саясатын жүргүзүү эмес, көмүрдүн казылышын камсыздоо. Монополияны жөнгө салуу агенттиги жыл сайын сортуна карап баа коюп кетет. Биз дүңүнөн ошол баада сатабыз. Мисалы, быйыл Кара-Кече көмүрүнө белгиленген баа 1250-1300 сомду түздү. Биздин ишкана ал баадан бир сом да ашырбай сатат. Бааны көтөрсө алып сатуу менен алектенген ишкерлер көтөрүп жатат", — деди Кутубаев.

Ошондой эле ал Монополияны жөнгө салуу кызматы алып- сатарлык менен алектенген жеке ишкерлерди көзөмөлдөй албай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0