Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: ишкерликти текшерүүгө эки жылга мораторий киргизилди

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкерлер ассоциацияларынын улуттук альянсынын төрагасы Сталбек Акматов. Архив
Ишкерлер ассоциацияларынын улуттук альянсынын төрагасы Сталбек Акматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкерлер ассоциацияларынын улуттук альянсынын төрагасы Сталбек Акматов Экономика министрлиги сатуу салыгын эки пайыздан беш пайызга көтөрүүнү сунуштап, бирок колдоо таппай калганын айтты.
Акматов: ишкерликти текшерүүгө эки жылга мораторий киргизилди

Экономика министрлиги сатуу салыгын эки пайыздан беш пайызга чейин көтөрүүнү демилгеледи. Бирок Ишкерлер ассоциацияларынын улуттук альянсы иликтеп көрүп, салыктын мындай кескин жогорулашын ишкерлик чөйрөсү учурда көтөрө албай турганын далилдеди. Мындай пикирин Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган министрлик ишкерликке көмөк көрсөтүү максатында алгачкы эки жыл текшерүүгө мораторий киргизип, бирок ошону менен катар эле мониторинг жүргүзүүнү да демилгелеп чыккан.

"2018-жыл ишкерлик чөйрөсүндө жакшы жылдардан болду десек болот. Анткени Ишкерлер ассоциацияларынын улуттук альянсы тыгыз байланышта иштешкен Экономика министрлиги менен бир топ ыңгайлуу иштер аткарылды. Ишкерликти колдоо максатында текшерүүлөргө эки жылга мораторий киргизилди. Аталган министрлик алгач муну менен кошо мониторинг жүргүзүүнү сунуштаган. Бирок мораторий киргизүүнү колдоп, анан кайра мониторингдөө бири-бирине карама-каршы келген аракеттер болуп калат экен, андыктан мониторинг жасоо алып салынды. Эми ишкерлер бизнесинин алгачкы эки жылында текшерүүлөрдөн сырт ишкерлигин жүргүзө алышат. Ошондой эле Экономика министрлиги сатууга болгон салыкты беш пайызга чейин көтөрүүнү демилгелеп чыкты эле, ишкерлер альянсы андан өлкө ишкерлери кыйналып каларын далилдеп берип, аталган сунуш кайтарылды", — деди Акматов.

Ал аталган альянска 78 ишкерлер ассоциациясы мүчө экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0