Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ирсалиев: кечелерде адаттан тыш оюндарга жол бербейбиз

© Фото / Эрмек ЖенишовТой-салтанаттарды уюштуруу компаниясынын өкүлү Акыл Ирсалиев
Той-салтанаттарды уюштуруу компаниясынын өкүлү Акыл Ирсалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Той-салтанаттарды уюштуруу компаниясынын өкүлү Акыл Ирсалиев быйылкы жаңы жылдык кечелерди уюштурууда кардарлар көбүнчө убактысын аяп жатканына күбө болгондугун айтты.
Ирсалиев: кечелерде адаттан тыш оюндарга жол бербейбиз

Кардардын каалоосу биз үчүн мыйзам. Буюртма берип жаткан тарап эмнени кааласа, кынтыксыз аткарууга аракеттенебиз. Мындай пикирин Акыл Ирсалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, той-салтанаттарды уюштуруучу компаниялар жакшылык өтчү жердин кооздугунан баштап, иш-чараны толугу менен өз мойнуна алышат. Быйылкы жаңы жылдык майрамдарды уюштурууда мындай кызматтан пайдалануу чоң компаниялар үчүн орто эсеп менен киши башына 2800 сомдон айланган.

"Биз иш-чаранын мүнөзүнө жараша кайсы жерде өткөрүү керектиги тууралуу кеңеш берүү менен ишибизди баштайбыз. Андан соң ал ресторан же кафенин жасалгасы тууралуу сүйлөшөбүз. Кардарлар каалаган багытта сценарий түзүлүп, ошого жараша алып баруучу, өнөр адамдары тандалат. Жаңы жылдык кечелерде Аяз ата, Аяз кызы жок кече көркүнө чыкпайт. Мындан сырткары, ырдалчу ырлардын тематикасына, ойнотулуучу оюндарга да өтө маани беребиз. Башкача айтканда, улуттук баалуулуктар сакталбаган, адаттан тыш оюн-зоокторго жол берилбейт. Бул биздин компаниянын кардарларга койгон жалгыз талабы. Андан кийин дасторконго коюлуучу салат, тамак-аш, таттуулар, мөмө-жемиштер менен ичимдиктерди аныктап, келишип алабыз. Орто эсеп менен ушунун баарына бир киши үчүн 2800 сом кетет. Быйылкы жаңы жылдык кечелерди уюштурууда ушул сумманын тегерегинде келип чыгууда. Албетте, айрым кардарлар маданий бөлүгүн уюштурууну бир компанияга, дасторконун экинчисине, башка жумуштарын дагы башка кызмат көрсөтүүчүлөргө тапшырат. Бирок иштин баары бир эле уюштуруу компаниясына берилсе, акча да, убакыт да үнөмдөлөт. Бул көрүнүштү учурда кыргызстандыктар түшүнүп калышты. Муну мен жаңы жылдык салтанаттарды уюштуруп жүрүп байкадым", — деди Ирсалиев.

Ал мындай компаниялар республика боюнча ондоп саналарын жана алар бала бакчадагы салтанаттардан баштап, жамааттык кечелер, тойлордун бардык түрүндө кызмат көрсөтүшөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0