Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыкеев: 90-жылдары камсыздандыруу компанияларынын саны 50дөн ашып кеткен

© Sputnik / Табылды КадырбековЖеке менчик камсыздандыруу компаниясынын өкүлү Эрнис Абдыкеев. Архив
Жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын өкүлү Эрнис Абдыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын өкүлү Эрнис Абдыкеев камсыздандыруу компанияларынын иши 2000-жылдардан кийин гана иретке келе баштагандыгын айтты.
Абдыкеев: 90-жылдары камсыздандыруу компанияларынын саны 50дөн ашып кеткен

90-жылдары Кыргызстандагы камсыздандыруу компанияларын өнүктүрүү үчүн Европа өлкөлөрү ири суммадагы гранттарды бөлө баштаган. Бул тууралуу Эрнис Абдыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кайтарымсыз каражатка ээ болуп калуу максатында өлкөдө бир күндүк компаниялар түзүлө баштаган.

"90-жылдарда өлкөбүздө 50дөн ашык камсыздандыруу компаниялары бар болчу. Дал ошол маалда Европа өлкөлөрү бизге мындай компанияларды өнүктүрүү үчүн грант бөлө баштайт. Ал каражатка ээлик кылып калуу максатында шылуундар бир күндүк ишкана түзө калып, кийин кайра жабылып кеткен. Абал 2000-жылдардан кийин нугуна түштү. Финансылык рынокту жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөө жүргүзүп, кырдаалды турукташтырды. Азыркы компаниялар — рынокто 10 жылдан ашуун иш алып баргандар. Ар биринин туруктуу кардары бар. Абал кыйла жакшырды", — деди Абдыкеев.

Ошондой эле ал учурдагы камсыздандыруу компанияларынын көрсөткөн кызматынын сапаты жогору экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0