Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев

Асрандиев: көпчүлүк ишкерлер долбоор сунуштоодо жөндөмсүздүгүн көрсөтүүдө

56
(жаңыланган 19:25 03.01.2019)
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев ишкерлер фонддон насыя алууда негизги көйгөйү күрөө маселеси экенин айтты.

Ишкерлер бизден каржылоо сураганда өтө көлөмдүү, ишке ашышы реалдуу эмес долбоорлор менен кайрылган учурлар көп болот. Бул тууралуу Эркин Асрандиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата мекендик ишкерлердин арасында тажрыйбалуулары деле финансылык отчет үчүн эсеп-кысап жүргүзбөй эле бизнес жасай беришет.

"Биздин ишкерлердин чоң көйгөйлөрүнүн бири — эсеп-кысап жүргүзүп, финансылык отчет жасашпайт. Башкача айтканда, кайсы ишкерлиги канча чыгаша, канча киреше алып келип жатканын билбейт. Бул  туура эмес. Көлөмдүү болобу, чакан болобу, ишкерликте сөзсүз түрдө эсеп болушу шарт. Анан дагы бир маселе — каржы сурап бизге кайрылышканда бизнес тармагында тажрыйбалары жок болсо да, чоң көлөмдөгү акчага долбоор түзүп алышат. Ал каражаттын канчалык бир пайызы өздөрүндө болуусу керек, тилекке каршы, андай каражаттары жок, күрөөсү жок келген учурлар болот. Кандай гана фонд, банк болбосун, мындай долбоорлорду каржылай албайт да. Буга карабай нааразычылык билдирип кеткен учурлар көп", — деди Асрандиев.

Ал ишкерлерди бизнес жасап жаткан учурда өз убагында эсеп-кысап жүргүзүп, анализдеп турууга чакырды.

56
Белгилер:
фонд, долбоорлор, билим, насыя, Эркин Асрандиев
Тема боюнча
Сабыров: кайсы төлөм картасы ыңгайлуу экенин көп сурашат