Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турусбекова: окуу контрагын төлөө үчүн банктан насыя алса болот

© Sputnik / Эркин СадыковКоммерциялык банктардын биринин Бишкек филиалынын жетекчисинин орун басары Индира Турусбекова. Архив
Коммерциялык банктардын биринин Бишкек филиалынын жетекчисинин орун басары Индира Турусбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин Бишкек филиалынын жетекчисинин орун басары Индира Турусбекова жеке жактар өлкөдөгү банктардан автотранспорт алууга, үйүн оңдоого, окуу контрагын төлөөгө насыя алса болорун билдирди.
Турусбекова: окуу контрагын төлөө үчүн банктан насыя алса болот

Жеке жактар тиричилик керектөөлөрүнө жумшоо үчүн "керектөө насыялары" программасынын алкагында насыя ала алышат. Ал үчүн алгач бир нече банкка кайрылып, ыңгайлуусун тандап алган туура. Мындай пикирин Индира Турусбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, керектөө насыяларынын берилчү суммасы 20 миң сомдон 2 миллионго чейин жетет.

"Керектөө насыялары үч айдан, алты айга чейинки аралыкка, үй-жайды оңдоого, эмерек, автоунаа, кыймылсыз мүлк сатып алууга жана окуу контрагын төлөөгө берилет. Кардарлар 20 миң сомдон 2 миллионго чейин ала алышат", — деди Турусбекова.

Насыя алам деген адамдын айлык маянасы же жеке ишкерлигинен түшкөн каражаты эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0