Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Койчубаков: 2018-жылы жалпы 50 автобус керектен чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорту" ишканасынын директору Нурлан Койчубаков. Архив
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорту ишканасынын директору Нурлан Койчубаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорту" ишканасынын директору Нурлан Койчубаков борбор калаага ири сандагы автобустардын акыркы партиясы 2008-жылы келгендигин айтты.
Койчубаков: 2018-жылы жалпы 50 автобус керектен чыкты

Андан бери шаардык автобазанын катары жаңы транспорттук каражаттар менен толуктала элек. Бул тууралуу Нурлан Койчубаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алдыда базада керектен чыгып, сөөгүнөн башка эч нерсеси калбаган 142 автобусту дагы чийип салуу планы бар.

"Шаарда азыр бир күндө 110-115 автобус 10 каттамда иштейт. Тургундарды толук кандуу коомдук транспорт менен камсыз кылуу үчүн кеминде 800-1000 автобус талап кылынат. Ар жумада финансылык институттар менен насыялоо, грант бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Жакында эле Европа банкы менен сүйлөшүп, 300-400дөй автобус керектигин айттык. Лизинг аркылуу дагы коомдук транспорт алуу жолдорун караштырып жатабыз. Бир жыйынтыкка келе элекпиз. 2018-жылы 50 автобус керектен чыгып, темири чирип, каркасынан башка эч нерсеси калган жок. Жакын арада дагы 142син чийип салуу алдында турабыз", — деди Койчубаков.

Ошондой эле ал учурда автобазадагы автобустардын тетиктерин бириникине бирин салып, линияга чыгарып жаткандыктарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0