Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамкеев: курулуш компаниялардын көбү бизнес класстагы үйлөрдү куруп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления ОАО "Государственная Ипотечная Компания" Бактыбек Шамкеев
Председатель правления ОАО Государственная Ипотечная Компания Бактыбек Шамкеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык насыя компаниясынын төрагасы Бактыбек Шамкеев алдыда немис модели боюнча атайын аманат кредиттик компаниясын ачуу боюнча пландар бар экендигин маалымдады.
Шамкеев: курулуш компаниялардын көбү бизнес класстагы үйлөрдү куруп жатат

Учурда курулуш компанияларынын басымдуу бөлүгү бизнес класс үчүн ылайыкташтырылган турак жайларды курууда. Бул тууралууу Бактыбек Шамкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эконом класстагы социалдык үйлөр курулбай калгандыктан, аталган компанияда бир долбоор пилоттук негизде ишке ашырылып жатат.

"Мамлекет үчүн беш жыл аралыгында туруктуу өнүгүү институттарын түзүү керек болгон. Алардын бири мамлекеттик ипотекалык компания болду. Дүйнө өлкөлөрүнүн ички саясатынын негизи — туруктуу институттарды түзүп, керектүү мыйзамдарды бекитип, иштегенге мүмкүнчүлүк жаратуу болуп эсептелет. Биз жакынкы келечекте немис моделине ылайык аманат кредиттик компания ачалы деп жатабыз. Анын механизми, жол-жоболору даяр болгон, эми парламенттен колдоо табышы керек. Ага ылайык, "девелопердик" компания түзүлүшү зарыл. Ал компания мэрия менен биргеликте иштеп, жер, инфраструктура, коммуникациялык маселелерди чечиши керек. Эконом класстагы үйлөрдү ипотекалык компания аркылуу насыяга берүү боюнча бизде пилоттук долбоор Бишкек жана Нарын шаарларында ишке ашып жатат", — деди Бактыбек Шамкеев.

Ошондой эле ал ипотекалык компаниянын негизги принциби кредитке берилген үйдү күрөөгө сактап туруу экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0