Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эралиев: өкмөт кинодон акча түшпөй турганын билип көңүл бурбай койду

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваКинорежиссер, экс-президент национального концерна "Кыргызкино" Замир Эралиев
Кинорежиссер, экс-президент национального концерна Кыргызкино Замир Эралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинорежиссер, "Кыргызкино" улуттук концернинин экс-президенти Замир Эралиев убагында кинотеатрлардын ишин жандантып өнүктүрүү боюнча өкмөткө сунуш берип, бирок ал сунушу көз жаздымда калгандыгын айтты.
Эралиев: өкмөт кинодон акча түшпөй турганын билип көңүл бурбай койду

Азыркы кинотеатрларда коюлуп жаткан тасмалардын көбү чет элдик көркөм фильмдер. Андагы кирешенин 90 пайызы голливуд жана Европа өлкөлөрүнө кетип жатат. Бул тууралуу Замир Эралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кино тармагын кризистен чыгаруу боюнча өкмөттө чечкиндүү кадамдар жок жана бюджеттен бөлүнгөн каражат жетишсиздик кылат.

"Азыр кээ бир режиссерлор бир миллон сомго кино тарта алам деп мактанышат. Кинону 100 миң сомго деле тартса болот. Бирок сапаты абдан чабал болуп калат. Бизде актерлор батыш өлкөлөрүндөй чоң акчага көнгөн эмес, кинотеатрлар дагы аз. Абалы көңүл жылытаарлык эмес. Мен "Кыргызкинодо" иштеп жүргөнүмдө театрларды өнүктүрүүнүн жолун таап, өкмөткө сунуш бергем. Бирок көңүл бурушкан жок. Себеби кино тармагы акча алып келбейт. Францияны карагыла, ал жердеги кинотеатрларга америкалык тасмаларды койгонго чектөө бар. Жалпы коюла турган тасмалардын 83 пайызы франциялык кинолор болушу керек. Мен ошол тажрыйбаны колдонолу дегем. Биздеги кинотеатрлардан түшкөн кирешенин 90 пайызы чет өлкөгө кетет, 10 пайызы гана өзүбүздө калат", — деди Замир Эралиев.

Ошондой эле ал убагында бир жарым миллион долларга тартылган "Курманжан Датка" тасмасы каржылык жактан өзүн актабагандыгын айтып, бирок эл-журттун мактана турчу сыймыгы болуп калгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0