Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупов: Бишкекте бир жылда 230 миллион адам коомдук транспортту колдонот

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель отдела транспорта мэрии Бишкека Кубанычбек Жусупов
Руководитель отдела транспорта мэрии Бишкека Кубанычбек Жусупов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын транспорт бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жусупов кичиавтобустар жүргүнчүлөрдү эң көп ташыган коомдук транспорттордун сап башында экендигин маалымдады.
Жусупов: Бишкекте бир жылда 230 миллион адам коомдук транспортту колдонот

Маршруттук таксилер жыл ичинде 190 миллион жүргүнчүнү тейлейт. Бул жалпы жүргүнчүлөрдүн 75 пайызын түзөт. Мындай маалыматты Кубанычбек Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтты.

Анын сөзүнө караганда, жалпысынан жыл ичинде шаардын коомдук транспорту 230 миллион жүргүнчүнү тейлейт.

"Шаар тегерегинде 48 жаңы конуш бар. Алардын бардыгына чоң автобустар, троллейбустар барып, элди тейлей албайт. Ошондуктан кичи автобустар сөзсүз иштеши керек, жоюлбайт. Болгону аларды шаардын борбордук бөлүгүнөн алуу иштери жүргүзүлөт. Бир жылда коомдук транспорттун кызматын колдонгондор 230 миллион адамды түзөт. Ал жүргүнчүлөрдүн 75 пайызын кичиавтобустар тейлейт. 13 пайызына троллейбус, 12 пайызына автобустар кызмат көрсөтөт", — деди Жусупов.

Ошондой эле ал маршруттук таксилердеги жол акы 2012-жылдан бери өзгөрүүсүз болуп келгендигин айтып, ал жагдай Жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын нааразычылыгын жаратып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0