Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Болотбеков: Свердлов районунда 20дай балдар аянтчасы курулду

© Sputnik / Табылды КадырбековАким Свердловского района Самарбек Болотбеков
Аким Свердловского района Самарбек Болотбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков 2018-жылы аталган райондо бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгын айтты.
Болотбеков: Свердлов районунда 20дай балдар аянтчасы курулду

Алардын бири — Свердлов районунда жалпы 20дай спорт жана балдар аянтчасы оңдолуп, курулгандыгы. Бул тууралуу Самарбек Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эми оңдолгон аянтчалар үй башы комитетине өткөрүп берилет.

"2018-жылы 20дай спорт жана балдар аянтчасы оңдолуп, курулду. Кум менен ойногон жерлер болобу, спорт менен машыкчу жайлар болобу, баарын оңдоп, аянтчалар жетишпеген аймактарга курулуп берилди. Оңдогондон кийин аларды үй башы комитетине өткөрүп берип жатабыз. Алар тургузулган турник, селкинчектердин абалына жооптуу болот", — деди аким.

Болотбеков 2018-жылы Ак-Тилек-2 конушунда курулган спорт аянтчасынын бюджетин аталган район өз мойнуна алгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0