Химиги деле, физиги деле чыгарма жазып же акын болуп баратат. Мындай пикирин Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекет кийинки муун эмнени окуп жатканын көзөмөлдөөгө тийиш.
"Кийинки күндөрү эркин десе эле физиктер, химиктер деле чыгарма жазып, акын болуп кетишти. Акчасы бар адамдын баарына эле басмакана китеп даярдап бере берет. Бизде кийинки муун кандай китептерди окуп жатканы боюнча эч кимдин иши жок. Мамлекет бул жаатты көзөмөлдөөгө тийиш. Анткени китептерден жазылган маалыматтар аркылуу жаштар дүйнө таанымын кеңейтип, андан тарбия алат", — деди ал.
Садыкулова жаштар интернеттен көңүлү калмайынча китеп окубай турганын кошумчалады.
Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.
"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.
Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.
Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.
"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.
Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.