Бишкек ШИИББинин башчысынын биринчи орун басары Нурбек Калыкеев

Калыкеев: уурулар менен бир гана милиция күрөшпөш керек

106
(жаңыланган 14:48 12.01.2019)
Бишкек ШИИББинин башчысынын биринчи орун басары Нурбек Калыкеев уурулук менен күрөшүүдө комплекстүү кадамдар керек экендигин айтты.

Бишкек ШИИББи шаардык бийликке ар бир маршруттук унаага видео көзөмөлдөө жабдыгын орнотуп берүү боюнча сунуш жөнөткөн. Бул тууралуу Нурбек Калыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чөнтөк бумдарын уурдоо көбүнесе дал ушул маршруттук унааларда болот.

"Ички миграция күч алды. Аймактан шаарга келип иш таппагандардын айрымдары мыйзамсыз иштерге барууда. Азыр чөнтөк телефонду оңой уурдашат. Бул маселени биз шаардык мэрия, шаардык кеңештин депутаттары менен талкууладык. Бишкек ШИИББи шаардык бийликке ар бир жүргүнчү ташуучу унаага видео көзөмөл аппараттарын коюп берүү боюнча сунуш бердик. Себеби чөнтөк уурулук ушул маршруттук таксилерде көп катталат. Уурулар менен бир эле милиция күрөшө бербей жарандык коом, шаардык кеңеш жана Жогорку Кеңештин депутаттары дагы көңүл бурушу керек", — деди Калыкеев.

Ошондой эле ал көп учурда жабырлануучулар өзүлөрү милицияга өз убагында арызы менен кайрылбай, кылмыштын бетинин ачылышын татаалдатып жатканын кошумчалады.

106
Белгилер:
коомдук талкуу, сунуш, уурулук, милиция, Нурбек Калыкеев
Тема боюнча
Милиционерлер айлаңызды кетирип опузаласа... Арызданчу номерлер