Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив

Бакетаев: быйыл төрт бала бакча курабыз

52
(жаңыланган 13:36 10.01.2019)
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев шаарда 85 бала бакча бар экендигин маалымдады.
Бакетаев: быйыл төрт бала бакча курабыз

Калаа тургундары үчүн кеминде дагы 40 бала бакча талап кылынат. Бул тууралуу Алмаз Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушундай эле кырдаал шаардык орто билим берүү мекемелеринде дагы орун алган.

"85 бала бакча шаар үчүн жетишпейт. Кеминде дагы 40ты ишке бериш керек. Быйыл төрт бала бакча курабыз деген планыбыз бар. Андан сырткары, союз урагандан кийин бир топ бакча башка мекеме жайга сатылып кеткен. Ушул тапта ал жайлардын 3-4үн кайра бала бакчаларга кайтарып берүү боюнча соттун чечими бар. Мектептер боюнча деле кырдаал ошондой. Шаарда 96 мектеп бар. Анда 157 миң окуучу окуйт, бирок сыйымдуулугу 75 миң окуучуга гана эсептелген", — деди Бакетаев.

Ошондой эле ал маселени чечүү үчүн жакын арада 24 орто билим берүү мекеменин сыйымдуулугун кеңейтүү боюнча мерчемдер бар экендигин кошумчалады.

52
Белгилер:
окуучулар, мектеп, бала бакча, Алмаз Бакетаев
Тема боюнча
Баткендин чек арадагы Миң-Өрүк айылына 4 млн. сомго бала бакча курулду
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков

Сазыков: алты айдын жыйынтыгы менен 5 млрд сом салык чогулбай калды

26
(жаңыланган 16:09 07.07.2020)
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков пандемиядан улам киргизилген карантинге байланыштуу ишкерлерге жеңилдиктер берилгенин айтты.
Сазыков: алты айдын жыйынтыгы менен 5 млрд. сом салык чогулбай калды

Июнда 5 миллиард 313 миллион салык чогултуу пландалган болсо, 6 миллиард 622 миллион сом салык чогултулуп, план 124 пайызга аткарылды. Анткен менен алты айдын жыйынтыгы аткарылбай, 5 миллиард сомдун тегерегинде салык чогулбай калды. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салык төлөөнү жарандар мобилдик банкинг, терминалдар, банктар аркылуу аралыктан ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүктөр бар.

Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө канча акча жумшалды

"Коронавирустан улам киргизилген карантинге байланыштуу ишкерлерге тийиштүү жеңилдиктер берилген. Мисалы, салыктар өз убагында төлөнбөсө, туумдар өспөйт, отчеттор 1-июлга чейин токтотулган. Ошондой эле салыктык текшерүүлөр 2021-жылдын 1-январына чейин жүргүзүлбөйт. Мындан тышкары, пандемия учурунда карыздары топтолуп калган болсо, аны бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Абалдын ушундай экенине карабастан салык органдары карантин бүтөрү менен толук кандуу ишке киришти. Ошондой эле ишкерлер дагы бизнесин жандантып, салык төлөй башташты. Натыйжада июнь айында 5 миллиард 313 миллион салык чогултуу пландалган болсо, 6 миллиард 622 миллион сом чогултулуп, план 124 пайызга аткарылды. Анткен менен эпидемиологиялык абалдан улам алты айдын жыйынтыгын толук аткарууга мүмкүн болгон жок. Тактап айтканда, 5 миллиард сомдун тегерегинде салык чогулбай калды. Бул кем-карч жылдын этегине чейин жоюлат деген ишеним бар. Анткени учурда жер-жерлерде тийиштүү аналитикалык иштер жүргүзүлүүдө", — деди Сазыков.

Ошондой эле ал жарандар жергиликтүү салыктарды 1-сентябрга чейин төлөшү керектигин кошумчалады.

26
Белгилер:
карантин, ишкер, салык, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Салыктан качкан ишканалардын ЖМКга жарнама беришине тыюу салуу сунушталды
Кыргыз фондулук биржасы жабык акционердик коомунун президенти Медет Назаралиев

Назаралиев: ЕАЭБ өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү биржа рыногу түзүлөт

35
"Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун президенти Медет Назаралиев Кыргыз фондулук биржасы 2025-жылы ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте ири финансылык рынокто иш алып барарын айтты.
Назаралиев: ЕАЭБ өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү биржа рыногу түзүлөт

Быйыл жарым жылдын ичинде өлкөбүздүн фондулук биржасында 6 миллиард сомго соода жүрдү. Ушул эле аралыктын ичинде Казакстанда 123 миллиард долларга соода жүргүзүлсө, Москва биржасында бул көрсөткүч он эсе көп. Биздеги сумма коңшу өлкөлөрдүн биржасына салыштырмалуу өтө аз. Бирок Кыргызстандын экономикасы үчүн бул жакшы эле жыйынтык. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл Кыргызстандын фондулук биржасына 25 жыл болгонуна карабай, жергиликтүү компаниялар биржа аркылуу инвестиция тартып келүүнү жакында эле башташты.

"Кыргыз фондулук биржасы 2025-жылы Евразия экономикалык биримдигиндеги мамлекеттер менен биргеликте чоң финансылык рынокто иш алып барат. Мында банктык сектор, баалуу кагаздар рыногу, компаниялар тарабынан камсыздоо жаатында бирдиктүү иштер жасалат. Ошентип, 2025-жылы бири-бирибиздин биржаларыбызга баалуу кагаздар, брокерлер тоскоолдуксуз кирип турмак. Ошондуктан азыркы учурда биздин мамлекеттик башкаруу кызматы тарабынан, биринчиден, мыйзамдарыбызды бир калыпка келтирүү, экинчиден, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин биржалары менен келишим түзүү иштери жүрүп жатат. Биржалар арасында ич ара тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү да каралууда. Ошондуктан мындай чоң финасылык рынокко киргенде Кыргызстан өзүнүн баалуу кагаздар, банктар, технологиялар, мыйзамдары жагынан бул биригүүгө даяр болушу керек. Ошону менен бирге биздин мамлекет импортко көз каранды өлкө болгондуктан өзүбүздүн банк, биржа, жергиликтүү ишканаларды башка чоң компаниялардын басып калуусунан коргоп калуу маселеси жаралбай койбойт. Бул маселелерди чечүүгө беш жылдык убактыбыз бар", — деди Назаралиев.

Ал 2019-жылы баалуу кагаздар рыногунда фондулук биржа тарабынан үч миңге жакын соода иши жүргүзүлүп, алардын жалпы көлөмү 6 миллиард сомдон ашканын кошумчалады.

35
Белгилер:
Медет Назаралиев, соода, Евразиялык экономикалык биримдик, биржа
Тема боюнча
Назаралиев: өткөн жылы фондулук биржа 2700 соода ишин жүргүздү
Sputnik Эстония агенттигинин жетекчиси Елена Черышева. Архивдик сүрөт

Черышева: Европанын Sputnik Эстония тушуккан абал боюнча унчукпаганы кылмыш

0
(жаңыланган 22:37 07.07.2020)
"Мир глазами СМИ в 2020 году" конференциясы Россия жана дүйнө жүзүндөгү журналистиканын азыркы абалын анализдөөгө арналган.

Эстон бийлиги сөз эркиндигинин принциптерин бузуп, Sputnik Эстония агенттигинин ишмердүүлүгүн чектөөнү улантууда. Бул тууралуу агенттиктин жетекчиси Елена Черышева "Мир глазами СМИ в 2020 году" деп аталган эл аралык конференцияда сүйлөп жатып айтты.

Иш-чарага Sputnik агенттигинин америкалык жана европалык редакцияларынын өкүлдөрү катышкан. Алардан тышкары РФ ТИМинин Маалымат жана басма сөз департаментинин директору Мария Захарова, америкалык көз карандысыз журналист Ева Бартлетт жана швейцариялык жазуучу Ги Меттан сөз сүйлөштү.

Sputnik Эстониянын редактору Черышева: эстончо сөз эркиндиги ЖМК үчүн кооптуу

Талкуунун негизги темаларынын бири Балтика мамлекеттериндеги Sputnik өкүлчүлүгүнүн байма-бай кысымга алынышы болду. Елена Черышеванын айтымында, Sputnik Эстония Балтика регионундагы башкача ойлонууга каршы күрөшүүнүн мыкты мисалы болуп калды.

"Административдик кысым, экономикалык блокада, саясий цензура, кылмыш ишин козгоо опузасынын баарын жон терибиз менен сездик. Эстониянын полициясы гана европалык санкцияларды өз каалаганындай түшүнөт сыяктуу", — деди Черышева.

Жетекчи 2020-жылдын 1-январынан тарта Sputnik Эстония сайты өзгөчө режимде иштеп жатканын эскертти. Агенттиктин кызматкерлери "Россия сегодня" эл аралык агенттиги менен иштешсеңер кылмыш иши козголот" деген полициянын коркутуусунан улам иштен кетүүгө аргасыз болушкан. Эстония бийлиги "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевго киргизилген чектөөлөрдү пайдаланууда. Бирок агенттиктин өзү ушу кезге чейин бир дагы санкциялык тизмеде жок.

Черышеванын айтымында, Европанын Sputnik Эстонияга карата мамилеси аны кооптондуруп келет.

"Брюссель унчукпай отурат, бул кылмышка тете. Алар Sputnik агенттигин жабуу боюнча Эстониянын тажрыйбасын пайдалануу үчүн башка мамлекеттерге жол ачууда", — деди журналист.

"Россия сегодня" ПАСЕде: журналисттерди кодулоо, түрмө, кесип ишеними жөнүндө

Азырынча редакция салык төлөмдөрүн камактан чыгарууга гана жетише алган. Мындан улам агенттик эстон казынасына салык төлөөсүн улантып келет, бирок салык департаменти электрондук тейлөөгө тыюу салган. Черышева "Россия сегодня" эл аралык агенттиги абалдан чыгуунун жолун табарына үмүт артып, ушу тапта чындыкты улуттук тилде айтуу өтө маанилүү экенин белгиледи.

Журналист жана саясий таануучу Армен Гаспаряндын айтымында, европалык структуралардын унчукпаганы Балтика мамлекеттеринде сөз эркиндигинин жоктугун айгинелейт. Ал европалык уюмдар Sputnik Эстония россиялык ЖМК болгону үчүн кийлигишпей жатканын кошумчалады. 

Ведущий радио Sputnik Армен Гаспарян на радиостудии.
© Sputnik / Владимир Трефилов
Журналист жана саясий таануучу Армен Гаспарян
"Бир катар өлкөлөрдө Sputnik редакцияларын куугунтуктоо көндүм ишке айланып калды. Балким, сөз эркиндигин биз туура эмес түшүнүп жаткандырбыз. Балким, бул терминге "сөз эркиндиги — бул биз тараптан айтылган чындыкты атайылап көз жаздымда калтыруу" дегенди кошуу керектир", — деди Гаспарян.

Журналисттин сөзүн Франциядагы Sputnik редакциясынын тушуккан абалы да тастыктайт. Басылма ушу кезге чейин президенттик пулдун аккредитациясынан өтпөй, Елисей сарайына бара албай келет. Бул тууралуу аталган агенттиктин өкүлү Марья Липатова билдирди.

"Франк тилдүү ЖМКлардын арасынан биз биринчи болуп коронавирус тууралуу жазып, пандемияга карабай ишибизди уланттык. Sputnik кабарчысынын жасаган репортаждары кийин Франциянын ЖМКлары тарабынан кеңири колдонулду", — деди ал.

Липатова Sputnik Франция россиялык саясатчылардын айтканын француз тилине которуп жарыялаганы менен дайым фейк маалыматтарга күнөөлөнүп келерин белгиледи.

"Буга карабастан агенттиктин аудиториясы кеңейүүдө. Sputnik Франциянын цитаталарын колдонгон кесиптештерибиздин бизге болгон ишеними да артып барат", — деп сөзүн жыйынтыктады журналист.

ЕККУ төрагасы Sputnik Эстония боюнча абалга пикирин айтты

"Мир глазами СМИ в 2020 году" конференциясы Россия жана дүйнө жүзүндөгү журналистиканын азыркы абалын анализдөөгө арналган. Иш-чара 7-июль күнү "Россия сегодня" агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда онлайн форматында өттү.

0
Белгилер:
конференция, басылма, сөз эркиндиги, редакция, коронавирус
Тема боюнча
Sputnik Эстониянын редактору Черышева: эстончо сөз эркиндиги ЖМК үчүн кооптуу
ЕККУ төрагасы Sputnik Эстония боюнча абалга пикирин айтты